Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Фергана өрөөнүндө тынчтыкты бекемдөөгө жана чек аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган долбоор 2026-жылы да улантылары белгилүү болду.
Бул тууралуу окуу жайдын Илимди өнүктүрүү департаментинин директору Жолдошбек Бөтөнөев 26–27-январь күндөрү Ташкент шаарында өткөн «Жалпы чек аралар – жалпы ишеним: жарандык коомдун ролу жана Фергана өрөөнүндөгү туруктуу чек аралык кызматташтык» аттуу эл аралык конференцияда маалымдады. Ал иш-чаранын алкагында панелдик сессияда спикер катары катышты.
Конференцияга Европа биримдигинин Өзбекстандагы элчиси Тойво Клаар, Улуу Британиянын Saferworld уюмунун директору Тамара Дуффей Жансер, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун окутуучусу Самаган Мырзаканова, аталган институттун экинчи курсунун студенти Аман Рахманбердиев катышты.
Иш-чарада институттун алдындагы «Достук, толеранттуулук жана медиатордук» борбору тарабынан ишке ашырылган «Достук көпүрөлөрү: медиатордук жана диалог аркылуу тынчтыкка карай бирге» аттуу долбоордун жыйынтыктары тааныштырылды.
Долбоор 2025-жылы Фергана өрөөнүндө ишке ашып, Европа биримдиги тарабынан 6 000 евро көлөмүндө каржыланган. Анын алкагында медиация боюнча тренингдер өткөрүлүп, трансчек аралык жаштар форуму уюштурулган. Катышуучулар конфликттерди жөнгө салуу, диалог жүргүзүү көндүмдөрүн үйрөнүп, чек аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин иштеп чыгышкан.
Аталган илимий долбоор 2026-жылы да Европа биримдигинин каржылоосу менен улантылып, каржылык колдоо 10 миңден 20 миң АКШ долларына чейин жетиши мүмкүн.