Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Улут көрөңгөсү – уңгу жол» аттуу тегерек стол уюштурулду.
Иш-чара президенттин 2024-жылдын 18-декабрындагы жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун кабыл алынгандыгынын бир жылдыгына арналды.
Иш-чараны колледждин директору Мирлан Манашов ачып, уңгужолдун жаштарды мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоодо, улуттук аң-сезимди жана руханий баалуулуктарды бекемдөөдөгү маанисине токтолду.
Доценттер Абдикерим Маматов «Унгужолдун негизи- ата-бабалардын тарыхы жана тарбиясы», Мубарак Чыналиева «Салт санаа-элдик тарыхый мурас», окутуучулар Салымжан Кудайбердиев «Кыргызстан ааламдашуу шартында», Санжар Исакулов «Манас» эпосу- улуттук баалуулуктардын башаты» темаларда баяндамаларды жасашты.
Баяндамалар талкууланып, суроо-жооп уюштурулду. Анда жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, улуттук руханий баалуулуктарды даңазалоо жана мамлекеттик идеологияны терең түшүнүү боюнча сунуштар айтылды.
Тегерек стол колледждин коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо боюнча предметтик-циклдык комиссиясы тарабынан уюштурулду.