Ноокатта 27 мугалим квалификациясын жогорулатты

Башкы Жаңылыктар

Ноокатта 27 мугалим квалификациясын жогорулатты

Image

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан Ноокат районундагы №27 Абу Райхан Беруни атындагы орто мектебинин 27 мугалими “Кыргыз тилин билүүсүн В1 деңгээлине жогорулатуу” багыты боюнча окуудан өтүп, сертификаттарга ээ болушту.

Мугалимдер 4-ноябрдан 18-ноябрга чейин 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аякташты. Окутууну уюштурууга демилге көтөргөн мектептин директору Мустапакул Буркановго жана Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Джусуповго Квалификацияны жогорулатуу борборунун ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Окутууну ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин доценти Динара Ызабекова жана улук окутуучу Зарина Абдышова жүргүзүштү. Бул курс мугалимдердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууга жана кесиптик компетенттүүлүгүн арттырууга багытталган.