Белгилүү балдар хирургу Рахманбек Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Белгилүү балдар хирургу Рахманбек Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат

Image

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 17-декабрда белгилүү балдар хирургу, окумуштуу-илимпоз Рахманбек Тойчуевдин 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Иш-чара медицина илиминин жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган.

Конференцияга Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын, Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери, илимий институттардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, изилдөөчүлөр жана студенттер катышууда.

«Медициналык биология илимдеринин жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери» аттуу конференцияда Тойчуевдин балдар хирургиясын өнүктүрүүдөгү көп жылдык эмгеги, илимий жетишкендиктери жана саламаттык сактоо системасына кошкон салымы өзгөчө белгиленди. Ал 1971-жылдан бери бул тармакта үзүрлүү иштеп, өлкөнүн түштүгүндө бул багыттын калыптанышына чоң салым кошкон. Ошондой эле 1994-жылдан тартып Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүндөгү Медициналык проблемалар институтун негиздеп, узак жылдар бою жетектеп келген.

Пленардык жыйында медицина илими, билим берүү жана практикалык саламаттык сактоо жаатындагы маселелер талкууланып, ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын илимий баяндамалары сунушталды. Рахманбек Тойчуевге билим берүүгө, медицинага жана илим изилдөө жаатындагы окуу жайга кошкон салымы үчүн “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Конференциянын алкагында Ош мамлекеттик университети, Ош эл аралык медициналык университети жана Медициналык проблемаларды изилдөө институту биргеликте негиздеген «Эл аралык адам биологиясы жана медицина» аттуу жаңы илимий журналдын бет ачары өтөт. Бул журнал медицина жана биология тармагындагы илимий изилдөөлөрдү камтып, келечекте Scopus эл аралык маалымат базасына киргизүү пландалууда.

 

Фото галерея