Ординаторлор татаал клиникалык учурлар боюнча билимин сынашты

Башкы Жаңылыктар

Ординаторлор татаал клиникалык учурлар боюнча билимин сынашты

Image

«Инклюзивдүү колдоо АСБда: ОшМУнун кадамдары». Мына ушундай аталыштагы эл аралык конференциянын алкагында 15-декабрда Ош мамлекеттик университетинде ординаторлор үчүн «Уникалдуу клиникалык кырдаалдар» аттуу илимий конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун профессордук-окутуучулук курамы, ординаторлор жана Анжиян медициналык университетинен келген окутуучулар катышты.

Конференцияда ординаторлор ар түрдүү медициналык багыттар боюнча өздөрүнүн клиникалык тажрыйбасына негизделген баяндамаларды сунушташты. Алар неврология, кардиология, терапия, гастроэнтерология, ангиохирургия, рентген-эндоваскулярдык хирургия жана педиатрия тармактарындагы татаал клиникалык учурларды талкуулашты. Анын ичинде инсульт, жүрөк оорулары, тубаса патологиялар, сепсис, терең тамыр тромбозу жана заманбап TAVI ыкмасы боюнча мисалдар айтылды.

Баяндамалардын сапатын кез карандысыз эксперттер - Ош облустук балдар
клиникалык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы Алима Торогелдиева, «Ош-Кардио» медициналык борборунун башкы дарыгери Жыргалбек Максутов жана ОшМУнун медициналык клиникасынын журек-кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Жакшылык Абдимиталип уулу баалашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты баяндамалар аныкталды. Биринчи орунду кардиология адистигинин 2-курс ординатору Алтынай Сакибаева, экинчи орунду эндоваскулярдык хирургия адистигинин 1-курс ординатору Мыктыбек Режевалиев, үчүнчү орунду балдар гематологиясы адистигинин 1-курс ординатору Айпери Исакова ээледи.

Жалпысынан конференцияда тогуз баяндама жасалып, Анжиян медициналык университетинен келген окутуучулар конок лекцияларды окушту. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга дипломдор тапшырылып, мындай илимий аянтчалар жаш дарыгерлердин клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө маанилүү экени белгиленди.

 

Фото галерея