11-декабрда Теология факультетинде адабиятка арналган өзгөчө маанайдагы иш-чара өттү. «Адабият – нарктуулуктун башаты» аталышындагы бул жолугушуу студенттерди улуттук жана дүйнөлүк көркөм мурастарга жакындатууну максат кылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер белгилүү акындардын чыгармаларынан көркөм окууларды аткарып, адабий чыгармалардын негизинде сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды.
Факультеттин деканы Ниязалы Арипов куттуктоо сөзүндө адабияттын адамдын руханий калыптанышындагы ордуна токтолуп, жаштарды көркөм чыгармаларды окууга, ата-бабадан калган баалуу мурастын кадырын билүүгө чакырды.
Мындан сырткары Ош мамлекеттик университетинин доценти, Ош облусу боюнча терминологиялык комиссиянын эксперттик тобунун башчысы Курманжан Нармырзаева улуттук адабияттын бүгүнкү күндөгү мааниси, жаш муундун тарбиясындагы ролу тууралуу өз ойлорун бөлүштү.