ОшМУ–УрММУ: кош диплом программасынын студенттери эл аралык хирургия олимпиадасында биринчи орунду алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ–УрММУ: кош диплом программасынын студенттери эл аралык хирургия олимпиадасында биринчи орунду алды

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Урал мамлекеттик медициналык университетинин (УрММУ) кош диплом программасынын студенттери академик М.И. Перельман атындагы «XXXIV Москва эл аралык студенттик хирургия олимпиадасынын» IX ички этаптарында мыкты жыйынтык көрсөтүштү.

11-декабрда Екатеринбург шаарында өткөн сынакта дарылоо иши адистигинин 5-курсунун студенттери Азамат Имаров жана Элдос Камчиев эндовидеохирургия багыты боюнча 1-орунду багындырышты. Алар заманбап минималдуу инвазивдик хирургия ыкмаларын жогорку деңгээлде өздөштүргөнүн далилдеп, кесиптик даярдыктын үлгүсүн көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөргө дипломдорду УрММУнун ректору Юрий Семёнов тапшырды.

ОшМУ менен Урал мамлекеттик медициналык университетинин кызматташтыгы 2021-жылдан бери жүрүп келет. Келишимдин алкагында студенттер «дарылоо иши», «стоматология» жана «педиатрия» багыттары боюнча кош дипломдуу билим алышат: үч жыл ОшМУда, үч жыл УрММУда окуп, эки университеттин тең дипломуна ээ болот.

 

Фото галерея