Эми Ош мамлекеттик университетинде энергетика багытында билим алган студенттер күндөн жана шамалдан алынуучу электр энергиясы боюнча практикалык жабдуулар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай чечим 11-декабрда өткөн окуу жайдын Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Жыйында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун энергетика кафедрасынын профессору Идирис Кенжаевдин Project SILKWAY долбоорунун алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарына тиешелүү жабдууларды сатып алуу сунушу колдоо тапты.
Мындан сырткары жыйында социалдык жактан колдоого муктаж студенттерге келишимдик төлөмдөн жеңилдик берүү, “Билим” жалпы билим берүү мектеби жана “Ыйман” окуу тарбия комплекси үчүн каржылык көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында өз алдынча иш алып барууга уруксат берүү, “ОшМУ” футбол клубунун 2024-2025-окуу жылына карата кошумча сметасын бекитүү каралды. Ошондой эле университеттин 2026-жылдагы бюджеттик жана атайын каржаттар сметасын кабыл алуу, окуу жайдын кызматкерлерине 2025-жылдын жыйынтыгы менен сыйлык акы төлөөгө уруксат берүү чечими кабыл алынды.
Жыйынга Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасы Балтагул Нурунбетов, кеңештин мүчөлөрү жана тиешелүү бөлүмдөрдүн адистери катышты.