ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин клиникалык дисциплиналар-2 кафедрасынын кызматкери Фахер Рахим Карим Medical and Health Sciences / Medical Genetics багытында дүйнөдөгү эң көп шилтеме алган окумуштуулардын бири катары таанылды.
Белгилүү эл аралык H-Index Rankings рейтингине ылайык, Фахер Карим дүйнөдөгү алдыңкы изилдөөчүлөрдүн топ-1% тизмесине кирди. Муну менен ал региондогу эң өндүрүмдүү жана таасирдүү окумуштуулардын бири экенин дагы бир жолу тастыктады. Анын илимий ишмердүүлүгүнө жасалган анализдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы изилдөөчүлөрүнүн арасында 1-орунда, ОшМУ ичиндеги шилтеме алуу көрсөткүчү боюнча 1-орунда жана дүйнөлүк рейтингде 8 278-орунда турат.
Факир Карим Рахим макалалары эң көп (120 миң) цитирлөө келтирилген дүйнөдөгү илимпоздордун бири. Анын индекс хиршасы 71, Scopus базасында 389 макаласы жарык көргөн.