«Вектор власти» журналынын жаңы санына ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Турдубаева тууралуу макала жарык көрдү

Башкы Окуялар

«Вектор власти» журналынын жаңы санына ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Турдубаева тууралуу макала жарык көрдү

Image

«Вектор власти» журналынын 3-санында Ош мамлекеттик университетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлсара Турдубаеванын өмүр жолу, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү жана коомдук көз караштары тууралуу макала жарык көрдү. Макалада анын билим берүү жана илим тармагындагы көп жылдык эмгеги, лидерлик сапаттары, аялдардын коомдогу орду, жаштарды тарбиялоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча пикирлери камтылган.

Басылмада өлкөдөгү жана дүйнөдөгү актуалдуу саясий окуялар, экономика, спорт жана маданият тармактарына байланышкан материалдар жарыяланып келет. Ошондой эле журналда Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсү, ар түрдүү жетишкендиктер, белгилүү инсандар жана коомдук турмуштагы маанилүү маселелер тууралуу макалалар орун алат.

 

Макала менен журналдын 3-санынан төмөнкү ШИЛТЕМЕ аркылуу тааныша аласыздар.