ОшМУнун окутуучулары ЖАМУда болушту

Башкы Окуялар

ОшМУнун окутуучулары ЖАМУда болушту

Image

 

28–30-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин окутуучулары Нурсулуу Атажанова,Азиза Арзиева,Айгул Маликова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттин медициналык колледжинде иш сапарда болушту. 
Сапар билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуу, окутуунун заманбап усулдары менен бөлүшүү жана эки окуу жайдын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоо максатында уюштурулду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар өз ара тажрыйба бөлүшүп, билим берүү процессин өркүндөтүүгө багытталган маселелерди талкуулашты. 
Академиялык мобилдүүлүк алкагында ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучулары студенттер үчүн конок практикалык сабактарды өтүп, инновациялык окутуу технологияларын жана интерактивдүү усулдарды колдонуу боюнча өз тажрыйбаларын сунушташты.
Тараптар өз ара байланышты бекемдеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Фото галерея