ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары коллежинин студенттери Өзгөн мунарасы тарыхый комплексине таанып-билүү сапарын жасашты.
Анда алар мунаранын тарыхы, анын курулуш өзгөчөлүктөрү жана Караханиддер доорундагы мааниси тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле катышуучулар өз таасирлери менен бөлүшүп, мындай иш-чараларды мындан ары да улантуу зарылдыгын белгилешти.
Окутуучулардын айтымында, практикалык экскурсиялар студенттердин билимин бекемдеп, тарыхка болгон кызыгуусун арттырат жана мекенге болгон сый-урматты күчөтөт. Ушуга байланыштуу сапар жаштардын улуттук мурастарды тереңирээк түшүнүүсүнө багытталган.
Өзгөн мунарасы кыргыз элинин бай тарыхын чагылдырган маанилүү тарыхый эстеликтердин бири болуп саналат.