Казакстандын Чымкент шаарында өткөн бильярд боюнча эл аралык турнирде Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары баш байгени жеңип алышты.
Энергетика кафедрасынын профессору Идирис Кенжаев, Математиканы, информатиканы окутуунун технологиялары жана билим берүү менеджменти кафедрасынын доценти Шермамат Оморов Кыргызстандын «Достук» командасынын курамында күч сынашты.
Мелдеш 25–27-март күндөрү өтүп, ага үч мамлекеттен келген командалар катышты. Жыйынтыгында «Достук» командасы мыкты оюн көрсөтүп, биринчи орунду ээледи. Жеңүүчүлөр кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Идирис Кенжаев бильярд менен 20 жылдан ашуун убакыттан бери машыгып келет. Ал эми Шермамат Оморов бул спортко 10 жылдан бери кызыгып, үзгүлтүксүз машыгууда. Бул аралыкта алар ОшМУда жана шаардык деңгээлдеги бир катар мелдештерге катышып, бир нече ирет жеңүүчү болушкан.