«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча илимий семинар өттү

Башкы Окуялар

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча илимий семинар өттү

Image

ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруунун алкагында илимий семинар болуп өттү.

Иш-чарада катышуучулар уңгужолдун мазмуну, анын коомдогу орду жана жаштарды тарбиялоодогу мааниси тууралуу пикир алышты. Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо, улуттук каада-салттарды даңазалоо маселелери талкууланды.

Семинардын жыйынтыгында активдүү окутуучуларга жана студенттерге Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова университеттин ыраазчылык каттарын тапшырды

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы жарлыгына ылайык өткөрүлдү. Анын максаты билим берүү мекемелеринин ишин бир нукка салуу, жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоо жана туруктуу коомду калыптандыруу болуп саналат.

Учурда бул багыттагы иштер окуу жайда уланууда. Университеттин бардык институттарында, факультеттеринде жана коллеждеринде ушундай семинарлар жана жолугушуулар өткөрүлүп жатат.

Фото галерея