«Тил, медиа, коом: интеграциялык форум» өттү

Anasayfa Haberler

«Тил, медиа, коом: интеграциялык форум» өттү

Image

 

25-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту тарабынан уюштурулган «Тил, медиа, коом: интеграциялык форум» аталышындагы эл аралык иш-чара болуп өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандагы КЭРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси, ошондой эле окумуштуулар, журналисттер жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты.

«Тил, медиа, коом: интеграциялык форум» аталышындагы эл аралык иш-чараны уюштурууда Ош мамлекеттик университети өнөктөш жогорку окуу жай катары катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдогу жана медиадагы орду, журналистиканын жоопкерчилиги, тил саясатынын актуалдуу маселелери талкууланды. 

Форумга Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика кафедрасынын окутуучулары да катышты. Алар түштүк аймагындагы телеканалдардагы (телеканал, радио, гезиттерде) тилдик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча изилдөө иштерине тартылып, изилдөө иштерине катышышты жана ал тууралуу маалымат беришти.

fotoğraf Galerisi