Педагогика, искусство жана журналистика институтунда KPI аткарылышын кароо иштери башталды

Anasayfa Haberler

Педагогика, искусство жана журналистика институтунда KPI аткарылышын кароо иштери башталды

Image

ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда 28-майда кафедра башчыларынын жана профессордук-окутуучулар курамынын KPI көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын текшерүү, талдоо жана корутундулоо боюнча комиссиянын жыйыны  өтүп жатат. 
Жыйын окуу жайдын «Профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө» жобосунун негизинде ишке ашырылууда. Аталган жобонун 47-пунктуна ылайык, кафедра башчылары үчүн бир окуу жылына бекитилген KPI көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын кароо жана талкуулоо институттун Окумуштуулар кеңешинин жыйынында институттун директору тарабынан өткөрүлөт.
Ал эми 48-пунктка ылайык, жыйындын жүрүшүндө конкурска чейинки мезгил үчүн окуу, окуу-методикалык жана илимий ишмердүүлүк боюнча жазуу түрүндөгү отчеттор каралат.
49-пунктта белгиленгендей, KPI көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын кароонун жыйынтыгы боюнча ачык добуш берүү аркылуу сунуштамалык мүнөздөгү корутунду кабыл алынып, тиешелүү документтер үч жумуш күнүнүн ичинде ОшМУнун конкурстук комиссиясына жөнөтүлөт.
Жыйын кафедра башчыларынын жана профессордук-окутуучулар курамынын бир окуу жылындагы ишмердүүлүгүн KPI көрсөткүчтөрүнүн негизинде талдоо, баалоо жана анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды берүү максатын көздөйт.

 “Мындай иштер билим берүү сапатын жогорулатууга, окутуучулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттырууга, жаңы окуу жылына алдын-ала даярдык көрүүгө өбөлгө түзөт”,-дейт институттун директору Замирбек Божонов.

fotoğraf Galerisi