Студенттер практикадан алган тажрыйбалары менен бөлүштү

Anasayfa Haberler

Студенттер практикадан алган тажрыйбалары менен бөлүштү

Image

ОшМУнун  Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун дене тарбия бөлүмүндө 29-майда студенттердин педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференция өттү. Иш-чарага практика өткөн мектептердин жетекчилери, дене тарбия мугалимдери, кафедранын методисттери жана дене тарбия бөлүмүнүн башчысы, студенттер катышты.

Жыйында 2- 3- 4-курстардын студенттери мектептерде өткөн педагогикалык практиканын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Практиканын жүрүшүндө студенттер дене тарбия сабактарын уюштуруу жана өткөрүү, спорттук иш-чараларды уюштуруу, окуучулар менен иш алып баруу жана педагогикалык тажрыйбаны өздөштүрүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушкан.

Конференциянын жүрүшүндө билим берүү процессине кошкон салымы жана студенттердин педагогикалык практикасын ийгиликтүү уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн кызматташкан мектептерге ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле, педагогикалык практика учурунда активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана үлгүлүү ишмердүүлүгүн көрсөткөн студенттер мектептер тарабынан берилген ардак грамоталар менен сыйланышты.

“Мектептен келген жетекчилер жана мугалимдер студенттердин практикадагы жетишкендиктерине токтолуп, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты. Алар педагогикалык практика болочок дене тарбия мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти”,-деди практика жетекчиси Жыпаргул Адамбаева.

 

fotoğraf Galerisi