Студенттер космосту өздөштүрүүнүн негизги этаптары менен таанышып, адамзат тарыхындагы маанилүү окуя – адамдын космоско алгачкы учушунун дүйнөлүк мааниси тууралуу маалымат алышты.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын салымына бурулуп, эки космостук экспедицияга катышкан, Орусиянын баатыры Салижан Шариповдун ишмердүүлүгү кеңири баяндалды. Иш-чара 10-апрелде Орус тили жана маданияты борборунда өтүп, Евразиялык педагогикалык кеңештин насаатчысы Венера Суркееванын жетекчилиги алдында уюштурулду.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар студенттердин илимий дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана заманбап илимге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.
12-апрель – эл аралык авиация жана космонавтика күнү. Дал ушул күнү, 1961-жылы советтик космонавт Юрий Гагарин космоско алгачкы жолу учкан.