12 жылдык билим берүүдө тарых окуу китептеринин мазмунун жаңылоо сунушталды

Башкы Жаңылыктар

12 жылдык билим берүүдө тарых окуу китептеринин мазмунун жаңылоо сунушталды

Image

ОшМУнун Тарых юридика институтунда 12 жылдык билим берүү системасына ылайык тарых окуу китептеринин мазмунун жана окутуу усулдарын жакшыртуу маселеси каралды. Бул багытта сунуштарды иштеп чыгуу максатында 5-ноябрда тегерек стол өттү.

Жыйында жаңы билим берүү программасына ылайык дүйнөлүк жана ата мекендик тарыхты окутуунун мазмунун жаңылоо, усулдарын өркүндөтүү маселелери сөз болду. Катышуучулар окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган интерактивдүү ыкмаларды колдонуу, окуу китептериндеги тапшырмаларды логикалык ырааттуулукта түзүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында айтылган сунуштар жалпыланып, тиешелүү эксперттик топторго жана окуу китептеринин автордук жамааттарына жөнөтүү үчүн резолюция кабыл алынды.

Демилге жаңы муундагы тарых окуу китептерин даярдоого, алардын мазмунун заманбап билим берүү талаптарына ылайыкташтырууга, окуучулардын руханий-адептик тарбиясын өнүктүрүүгө багытталган. Тегерек стол кафедра башчысы Гүлзада Жумашованын демилгеси менен уюштурулду.