Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасынын долбоорунун улуттук эксперти, президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Санжарбек Тажиматов 19-мартта ОшМУда болду.
Ал Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамга "Кыргыз жараны концепциясы: улуттук-мамлекеттик курулуштун орчундуу маселелери" деген темада лекция окуп, суроолорго жооп берди. Тажиматов аталган концепция өлкөдөгү бардык этностук жамааттардын этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен жалпы жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн салым кошуп келе жатканын белгиледи.
Санжарбек Тажиматов мамлекеттик жана жарандык кызматтын биринчи класстагы кеңешчиси.