Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖ ректорлорунун форумунда баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖ ректорлорунун форумунда баяндама жасады

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Өзбекстандын  жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда «Салттуу кызматташуудан инновациялык кызматташууга карай» аталышында баяндама жасады.

Форум 29-июлда Ысык-Көлдө өттү. Ректор өз сөзүндө эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу, билим берүү, илим жана инновация багытындагы өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерине токтолду. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын, илимий долбоорлорду ишке ашыруунун маанисине токтолду.

Форумдун алкагында Ош мамлекеттик университети Өзбекстандын Гулистан мамлекеттик университети жана «Туран» эл аралык университети менен кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол койду. Жаңы келишимдер билим берүү, илимий изилдөө, академиялык алмашуу жана эл аралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу багытында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Фото галерея