ОшМУда социомаданий илимий изилдөө борбору пайдаланууга берилди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда социомаданий илимий изилдөө борбору пайдаланууга берилди

Image

21-февралда Индустриалдык-педагогикалык колледжде социомаданий илимий изилдөө борбору ачылды. Иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин профессору, академик Абылабек Асанканов, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Элзарбек Эшаров, илим изилдөө бөлүмүнүн башчысы жана окумуштуулар катышты.  

Аталган жайда тарых, социология, география, экономика сыяктуу тармактар боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле "IBM SPSS Statistics N22" программасы толук ишке кирип, социалдык сурамжылоолорду түзүү жана илимий талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Илимий изилдөө борбору "Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы этностук жамааттар арасындагы этнодемографиялык процесстерди изилдөө жана прогноз жүргүзүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. 

 

Фото галерея