Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Ала-Тоо эл аралык университети филологиялык билим берүүгө туруктуу өнүгүү идеяларын киргизген биргелешкен долбоорду ишке ашырууда.
Долбоор 2025-жылы башталып, 2029-жылга чейин уланат. Аны ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы демилгеледи. Ага эки университеттен 30 студент жана 15 окутуучу катышып жатат. Долбоордун максаты филология сабактарына туруктуу өнүгүү принциптерин кошуу, студенттердин илимий-изилдөө, аналитикалык, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Институтта “Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү” аттуу тандоо курсу 2018-жылдан бери окутулат. Ар жыл сайын курстун “Жашыл жумалык” иш-чарасы өткөрүлөт.
21-апрелде “Филология, билим берүү жана туруктуу келечек” аттуу эл аралык конференцияда долбоордун алгачкы жыйынтыктары тааныштырылды. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Индия жана Орусиядан окумуштуулар менен окутуучулар келип тажрыйба алмашышты. Катышуучулар филология менен туруктуу өнүгүү максаттарын айкалыштыруу маанлүү экенин айтышты. Алар жаңы окуу программалары жана инновациялык ыкмаларазыр абдан керек экенин белгилешти.