ЖОЖдор аралык журналистика адистигинин байланыштары чыңдалат

Башкы Жаңылыктар

ЖОЖдор аралык журналистика адистигинин байланыштары чыңдалат

Image

ОшМУда журналистика адистигинин студенттери үчүн “Медиа жана PR тармагында бүтүрүүчү өз ордуңду кантип табасың?” аталышындагы конок лекция болуп өттү. Аны Кыргыз улуттук университетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш программасынын башчысы Бегайым Максүтова, окуу жайдын окутуучусу, коммуникация боюнча стратегиялык эксперт Нурдин Султамбаев, Кыргыз-Түрк Манас университетинен PhD Мээрим Артышева окушту.

Бишкек шаарынан келген конок лекторлор окуу жайдын коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, журналистика кафедрасынын окутуучуларынын жамааты менен да жолукту. Ошондой эле аталган кафедранын, университеттеги маалымат жана коомчулук менен байлашын борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Алдыда ОшМУда жарнама жана PR адистигин ачуу, Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети тарабынан салтка айланып уюштурулуп келе жаткан “Жоогазын" фестивалын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.

Иш-чара ЖОЖдор аралык байланышты жана өз ара кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле билим берүү жана илим жаатындагы кызматташууну чыңдоо максатында уюштурулду.

 

Фото галерея