19-февралда ОшМУнун кесиптик бирлик комитети институт, факультет, колледж, лицей жана гимназиялардын профбюролорунун катышуусунда жыйын уюштурду.
Анда жемкорлукту алдын алуу жана андай схемаларды демонтаждоо боюнча быйылкы жылга түзүлгөн кадамдык иш-чаралардын деталдаштырылган пландары каралды. Ошондой эле январь айында аткарылган иштердин отчоттеру суралды.
Мындан тышкары 2025-жылдын 23-январында №24 мыйзамы менен колдонууга берилген Кыргызстандын Эмгек кодексинин жаңы басылып чыккан китепчелери таратылды. Аталган кодекстин буга чейинки жана жаңы иштелип чыккан өзгөрүүлөрү боюнча салыштыруу маселелери каралды.
Буга чейин окуу жайдын ар бир институт, факультет жана колледждеринде жемкорлукка каршы күрөшүү топтору түзүлгөн. Алар коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү иштерин уюштурат.