“ОшМУ мырзасы-2025” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУ мырзасы-2025” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

21-февралда Ош шаарындагы «Кыргызстан» кинотеатрында «ОшМУ мырзасы-2025» сынагы болуп өттү. 

Сынактын шарттарына ылайык ОшМУнун факультеттеринен жана колледждеринен “мыкты” деп тандалып алынган сегиз мырза төрт турда өз чыгармачылыгын тартуулады. Жыйынтыгында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун студенти Тимур Эсенбаев «ОшМУ мырзасы-2025» номинациясына ээ болду. Ал эми Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун студенти Бакберген Расулжан уулу, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенти Бексултан Памир уулу экинчи орунду,  Медицина факультетинин студенти Адахан Идинов үчүнчү орунду ээледи.

Сынакта Медицина факультетинин студенти  Адахан Идинов “ОшМУнун инстаграмм мырзасы”, Кыргыз-кытай факультетинин студенти   Азаматбек уулу Муса «ОшМУнун таланттуу мырзасы», Экономика, бизнес жана менеждент институтунун студенти Медер Сапаров “Мыкты идея” номинациялары менен сыйланышты. Жеңүүчүлөргө, номинация ээлерине окуу жай тарабынан акчалай сыйлык, диплом, сертификат жана баалуу белектер тапшырылды.

“Аталган мырзалар сынагы жыл сайын салтка айланып студенттерге тарбия берүү, улуттук баалуулуктарды чагылдыруу, мырзалардын интеллектуалдык деңгээлин, тапкычтыгын, чыгармачылыгын, ой жүгүртүүсүн, мекенге болгон сүйүүсүн даңазалоо максатында уюштурулуп келет”, - деди ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева.

Бул сынак жыл сайын Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулуп келет.