ОшМУнун Чыгыш таануу институтунда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди. Иш-чара 20-февралда өтүп, ага институттун профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышты.
Студенттер корей, араб, англис, түрк тилдеринде каада-салттарды көрсөтүп, улуттук ыр, бийлерди аткарышты. Ар бир улуттун тилинде ырлардан көркөм окушту. Иш-чарага катышкан ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова таланттуу студенттерге ректордун атынан ыраазычылык каттарды, кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.
Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү 2000-жылдан бери тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү, көп тилдүүлүктү өнүктүрүү максатында жыл сайын белгиленип келет.