Бишкекте өткөн Кыргызстандын универсиадасынын алкагында кыргыз күрөш боюнча жогорку лигадагы мелдеште университеттин студенттери байгелүү орундарды камсыздашты.
66 кг салмак категориясында дене тарбия бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Элдос Ураимжанов чемпион аталды. Ошондой эле ушул эле бөлүмдүн 3-курсунун студенти Али Тилебалдиев үчүнчү орунду ээледи.
Команданы машыктыруучу Акжол Токтомушев жетектеп барды. Курамда жалпысынан беш студент катышып, алар мелдешке өз каражаттары менен барышкан. Жыйынтыгында команда жалпы эсепте бешинчи орунду ээледи.
Универсиада 11-мартта башталып, 27-апрелге чейин созулат. Биринчи жана жогорку лига болуп эки этапта өтүп, анда спорттун 15 түрү боюнча мелдештер уюштурулуп жатат.