Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган «Глобалдык акча жумалыгы – 2026» иш-чарасы 2-апрелде Улуттук банк жана Ош мамлекеттик университети менен биргеликте өткөрүлдү.
Жумалыктын алкагында студенттер үчүн финансылык пландаштыруу, каражат топтоо, кредиттөө, ислам каржылоонун принциптери, санариптик финансы технологиялары, инвестициялык инструменттер жана финансылык коопсуздук боюнча презентациялар өткөрүлдү. Ошондой эле интерактивдүү оюндар, сынактар, викториналар уюштурулуп, катышуучуларга атайын белектер тапшырылды.
Жарманкеге Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, «Кыргызстан банктар союзунун», «Альфа Телекомдун», Ички иштер министрлигинин, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын, ошондой эле башка финансы уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Алар студенттерге аманаттарды коргоо системасы, онлайн шылуундуктан сактануу жолдору жана ишкердикти баштоо боюнча маалымат беришти. Мындан тышкары жумалыктын алкагында Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда студенттер жана окутуучулар үчүн конок лекциялар уюштурулуп, “Туруктуу экономикадагы акчанын ролу” темасында эки күндүк семинар өткөрүлдү.
Иш-чара катышуучуларга каржыны туура башкаруу боюнча пайдалуу билим алууга жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.