Студенттер шаардагы боорукердик үйлөрүнө акчалай жардам көрсөтүшөт

Башкы Жаңылыктар

Студенттер шаардагы боорукердик үйлөрүнө акчалай жардам көрсөтүшөт

Image

Университеттин теология факультетинде 1-апрелде  «Ынтымак» кайрымдуулук жарманкеси уюштурулду. Анда студенттер улуттук тамак аштардын түрлөрүн жасап сатууга алып чыгышты.

Бул иш-чарага ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева катышты. Студенттердин мындай жигердүү иш аракети аңкоого татыктуу экенин айтып,студенттерге колдоо көрсөттү. 

Жармаңкенин жүрүшүндө тамак аштарды сатуудан 25 миң сомдон ашуун каражат топтолгон. Эми бул сумманы шаардагы балдар жана карыялар үйлөрүнө жардам иретинде өткөрүп беришет. 

Кайрымдуулук акциясы жаштарды жакшылыкка чакырып, биримдигин бекемдөө жана кайрымдуулукка багыттоо максатында факультетин жетекчилиги тарабынан ар жылы өткөрүлүп келет.

Фото галерея