News Архив

ТИЛДЕР ЖАНА АДАБИЯТТАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАСЫ КАФЕДРАСЫ
Обтекание

Абышева Айгуль Орозовна

Кафедранын тарыхынан

Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана усулу кафедрасы 1978–жылы башталгыч билим берүү кафедрасынын базасында негизделген. Кафедраны алгач филология илимдеринин доктору, профессор М. Сулайманов (1978-1987), 1987-1992-жылдарда филология илимдеринин кандидаты, доцент С. Гапаров, 1992-2001-жылдарда филология илимдеринин кандидаты, доцент А. Жалилов, 2001-2006-жылдары филология илимдеринин кандидаты, доцент Г.Т. Жамгырчиева жетектеген. 2007-жылы филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч. Гапарова, 2008-2009-жылдары кайрадан доцент Г. Жамгырчиева жетектеген. 2010-2012-жылдан бери кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.А. Гапарова жетектеп келди. Кафедраны окуу-усулияттык, кадрдык жана материалдык-базалык жактан калыптоодо аталган жетекчилердин эмгеги зор.

2012-жылдан кафедраны филилогия илимдеринин кандидаты, доцент Т.К. Тойчуев жетектөөдө.

Кафедрада кайсы жылдарда доцент, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, белгилүү тилчи С.Гапаров, проф. М.Сулайманов, педагогика илимдеринин кандидаты Б. Эралиева, доценттер - Ж. Омукеева, Б. Абдирашитов, Р.Чоконбаева, ага окутуучулар К.Акматов, С.Алимбеков, М.Абдураимов, С.Таласбаева, Ы.Карыбаева сыяктуу окумуштуулар, методисттер эмгектенишкен.

2017-2018-окуу жылында ОшМУнун ректору К.А. Исаковдун демилгеси менен гуманитардык-педагогикалык колледж түзүлүп, жогоруда көрсөтүлгөн кафедранын негизинде “ Тилдер жана адабияттан билим берүүнүн теориясы жана методикасы “ кафедрасы түзүлдү жана “ Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, теориясы жана усилияты “кафедрасынын 18 окутуучусу кызматтык ордун сактоо менен ушул кафедрада эмгектенишүүдө. Жыл сайын педагогикалык тармакка тапшырган абитуриенттердин саны өсүп, орто кесиптик билим берүүгө болгон талап өсүүдө.