Новости Архив

ЦИКЛ ФИЛОЛОГИЧЕСКИХ ДИСЦИПЛИН

Циклдын негизги максаты – ОшМУнун миссиясын, Кыргыз Республикасынын билим берүүгө байланышкан мыйзам, жоболорун жетекчиликке алуу менен келечектеги кадрлардын даярдалуу сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын негизги милдеттери

1. «Колдонмо информатика», «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо», «Эсептөө техникаларынын каражаттарын техникалык тейлөө» адистиктери боюнча кыргыз, орус тилдери, кеп маданияты дисциплиналары, “Башталгыч класстарды окутуу”, “Мектепке чейинки билим берүү” адистиктери үчүн эне тили, эне тилин окутуунун теориясы жана усулу, каллиграфия, адабий окуу, адабий окуунун теориясы жана усулу, балдар адабияты көркөм окуунун практикуму менен дисциплиналарын окутуу аркылуу кесипке сапаттуу даярдоону ишке ашыруу.

2. Окуу процессинде заманбап билим берүү стратегиясына негизделген жана мамлекеттик стандарттарда белгиленген бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын калыптандырууга мүмкүндүк түзгөн окутуунун инновациялык технологияларын жайылтуу (билимдерин трансформациялоонун, окутуудагы сынчыл ойлордун, интеграциялык окутуунун, практикада үйрөнүүнүн, СӨАИни жана СӨИни уюштуруунун негизинде).

3. Мамлекеттик стандарттарга ылайык окуу процессин камсыздоочу окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу (болочок адистердин маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүгүн калыптандырууга мүмкүндүк түзүүчү окуу планындагы бардык дисциплинар боюнча окуу-усулдук комплекстерди электрондук версиялары менен).

4. Орто кесиптик билим берүүнүн негизги программаларын өздөштүргөндөн кийин бакалавриатта билим алууну улантууга мүмкүндүк түзүүчү оптималдуу шарттарды жаратуу.

5. Практикалардын бардык түрлөрүн сапаттуу уюштуруу жана өткөрүүнү иш берүүчүлөрдүн эсебинен камсыздоо. Практиканы өткөрүү, практиканын бардык түрлөрүнүн натыйжалары, натыйжалуулугу жөнүндөгү ар кандай маалыматтарды топтоо, эсепке алуу менен иштеп чыгуу жана талдоо, практиканттардын рейтингин аныктоо учурунда алардын компетенцияларынын калыптанышынын деңгээлин аныктоо боюнча инстументтерди иштеп чыгуу.

6. Окутуучулардын илимий изилдөө процесстерин өркүндөтүүгө шарттарды түзүү, СИИИни уюштуруу, рейтингдик көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында циклдын потенциалын максималдуу пайдалануу.

7. Студенттердин социалдык активдүүлүгүн калыптандыруу үчүн атуулдук жана руханий-адептүүлүк тарбиялоонун системасын түзүү.