Жаңылыктар Архив

ФИЛОЛОГИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛДЫК КОМИССИЯСЫ
Обтекание

ФИЛОЛОГИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛДЫК КОМИССИЯСЫ
Ызабекова Динара Абдырасуловна


ФДЦК ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ:

ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2017-2018-окуу жылындагы чечиминин негизинде "Тилдер жана адабияттан билим берүүнүн теориясы жана методикасы" кафедрасы болуп түзүлгөн. Жалпы жамааттын курамы 26 окутуучудан туруп, кафедраны доцент Мамытов Мансур Тайлович,кайрадан ушул эле окуу жылынынын декабрь айынан тарта доцент Досматова Джамиля Нышановна жетектеген.
Орто билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрүнө жана талапка ылайык кафедра 2021-жылдын 24-мартындагы №985 ОшМУнун ректору К.Г.Кожобековдун буйругуна ылайык “Филологиялык дисциплиналар” предметтик циклдык комиссиясы болуп аталган.
      Кадрлардын кызматтык өзгөрүүлөрүнө байланыштуу циклдын ишмердүүлүгүн 2018-2019-окуу жылынан 2019-2020-окуу жылынын 1-жарым жылдыгына чейин улук окутуучу Абышова Айгүл Орозовна жетектеген. 2019-2020-окуу жылынын 2-жарым жылдыгынан 2020-2021-окуу жылынын аягына чейин кайрадан циклдын ишмердүүлүгүн Досматова Джамиля Нышановнага жүктөлгөн.
2021-жылдын 11-октябрындагы №3810 буйругунун негизинде 2021-2022-окуу жылынын октябрь айынан тарта филология илимдеринин кандидаты, доцент Ызабекова Динара Абдырасуловна филологиялык дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясына төрайым кызмат ордуна дайындалып, бүгүнкү күндө жетектеп келүүдө.
      Азыркы учурда ФДЦКда 4 илимдин кандидаты, 5 доцент, 18 окутуучу эмгектенет. Илимий-педагогикалык үзүрлүү эмгектери үчүн окутуучулар төш белги, түрдүү деңгээлдеги ардак баракчалар, дипломдор менен сыйланышып келүүдө. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Исманова Акибатхан Алимжановна Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Эл агартуусунун мыктысы”. Шаимкулов Олжобай Акматович, Досматова Джамиля Нышановна, Абышова Айгүл Орозовна, Мамасадыков Айбек Ураимжанович, Ызабекова Динара Абдырасуловна ж.б. окутуучулар Ош шаарынын, Ош шаардык кеңешинин, ОшМУнун ардак баракчасынын ээлери. Циклдын курамынын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Учурда циклда жалпысынан 27 окутуучу эмгектенет.
      Цикл “Башталгыч класстарда окутуу” адистигин негизги билим берүү программасын жетектейт. Цикл “Башталгыч каласстарда окутуу” адистигинин негизги билим берүү программасын жыл сайын жаңылап, өркүндөтүп турат.Окутуучулар өздөрү окуткан дисциплиналардын ОМКларын өркүндөтүүнүн үстүнөн иштөөдө.
Учурда циклда “Дил азык”,"Учимся говорить по-русски" жана “Ёш тилшунос ва адабиётшунос” аттуу ийримдер иштейт.       
      Окутуучулар ИПКнын жана ФДЦКнын ар кандай маданий-массалык, спорттук жана коомдук иш-чараларына активдүү катышып келишет.