История
1951-жылдын 18-июлунда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жана Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин биргелешкен токтомунун негизинде Ош мугалимдер институтунун базасында Ош мамлекеттик педагогикалык институту түзүлүп, анда табият таануу жана география кафедрасы ачылып, аны доцент М. А. Абдулина жетектеген. 1952-53-окуу жылында аталган кафедранын базасында факультет түзүлүп, табият таануу факультетинде ботаника, зоология, химия жана физкультура кафедралары өз ишмердүүлүктөрүн алып барышкан. Факультеттин деканы М. Сатыбалдиев болгон. Факультетке тажрыйбалуу окутуучулар чакырыла баштаган, студенттердин саны өсүп, материалдык-техникалык базасы кеңейе баштаган.
1954-1955-жылдары «Табият таануу факультети» - биология факультети деп аталып, анда тажрыйбалуу педагогдор, илимдин кандидаттары, доценттер:
Л.И. Кочкорный, Ю.И. Китаев, Ю.Я. Тильманс, А.З. Аниканова, А.И. Крапивина, улук окутуучулар: Т. Айдашев, И.И. Ибрагимов, Э. Оморов иштей башташкан. Аталган окумуштууларды биология факультетинин кафедраларынын түптөөчүлөрү деп атоого болот.
1957-жылы биология факультети кайрадан табият таануу жана география факультети деп өзгөртүлүп, анын базасында жогоруда көрсөтүлгөн адистиктер менен бир катарда география адистиги боюнча дагы адистер даярдала баштаган жана факультетти б.и.к., доцент К. В. Пискарев жетектеген. Факультеттин материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасын кеңейтүү үчүн Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде агробиостанция (ботсад) курулуп, ал жерде ботаника, зоология, айыл-чарбанын негиздери предметтери үчүн лабораториялар ачылып, курстук, дипломдук жумуштар аткарылып, илимий-изилдөө багытындагы эксперименттер да жүргүзүлө баштаган. Алгачкы дендропарктар, оранжерея, гүл бакчасы, балык өстүрүүчү көлмөлөр, бассейндер, талаа жана лабораториялык практикумдар үчүн атайын бөлүмдөр түзүлө баштаган. Дендропарк, гүл бакчалар үчүн тиешелүү өсүмдүктөрдүн уруктары, көчөттөрү – Москва, Ленинград (Санкт –Петербург), Алма-Аты, Ташкент, Киев ж.б. шаарларынан алынып келдирилген.. Факультеттин илим-изилдөө иштери жандануунун натыйжасында окутуучулар И.И. Ибрагимов, Э.Оморов кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.
1966-1973-жылдары табият таануу жана география факультети кайрадан биология факультети деп аталып, аны б.и.к., доцент Бозун Алышбаев (1966-73) жетектеп турган. Билим берүү менен өндүрүштүн байланышы тууралуу концепция кабыл алынып, анын негизинде биологияны, зоология, ботаника, химияны окутуунун методикасы (усулу) кафедрасы ачылып, лабораториялык-практикалык сабактар: ботаникадан - агробиостанцияда, зоологиядан – асыл-тукум чарбаларында (племхоз), - зооветлабораторияларда, химиядан – химзаводдордо өткөрүү практикалана баштаган. Факультеттин окумуштуулар курамы жергиликтүү фауна менен флораны изилдөөгө көбүрөөк көңүл бөлүшкөн. Кафедралардын профессордук - окутуучулук курамы факультеттин алдыңкы бүтүрүүчүлөрү Б. Мурзубраимов, Б. Каримова, К. Матикеев, Ж. Эргешбаев, Ш. Абжамилов, Н. Матамаров, А. Кыргызбаев, Д. Т. Алтыбаевалар менен толукталып, профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү жогорулаган.
1974-1986-жылдары м.и.к., доцент Ч. Ж. Жумабаев факультеттин деканы болгон мезгилде факультет бир топ кеңейген жана материалдык-техникалык базасы чыңдалган. Зоология кафедрасынын алдында түзүлгөн “Кишинин анатомиясы” музейи студенттердин, окуучулардын биология адистигин терең өздөштүрүүгө өбөлгө түздү. Учурда музей Черик Жанетович Жумабаев атында аталгандыгын белгилөөгө болот. Кафедралардын профессордук-окутуучулук курамына перспективалуу экинчи муундагы адистер, б.и.к. Н. Байдөөлөтов, И. Бекмурзаев, Б. Токторалиев О. Карашев, жаш адистер: Э. Айдаралиев, А. Тажибаев, О. Коланов, А. Токтомаматов, Т. Жумабаева, Б. Кулназаров, А. Сүйүнбекова, М. Абдуллаева, Ө. Карымшаковдор келип кошулушуп кафедралардын сапаттык көрсөткүчүн жогорулатышкан.
1986-1988-жылдары факультетке х.и.д., профессор Б. Мурзубраимов декан болгон. Бул жылдары факультет жаңы имаратка көчүп келген жана анын аудиториялык фонду, материалдык-техникалык базасы жакшырган жана кеңейген. Б.Мурзубраимов жетектеген мезгилдерде факультет көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Ош мамлекеттик институтунда өткөрүлүп туруучу көптөгөн конкурс-сынактардын жеңүүчүсү болуп келген. 1986-87-окуу жылында факультеттеги 4 кафедрада иштеген 30 окутуучунун 29 илимдин кандидаттары болушкан. 1988-1990-жылдары Б.Мурзубраимовдун башка кызматка которулгандыгына байланыштуу, факультетти доцент А. Кыргызбаев жетектеген. 1990-1993-жылдары факультетке кайрадан профессор Б. Мурзубраимов декан болуп шайланган. Ошол мезгилде факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен чыккан үчүнчү муундагы адистер: С. Абжамилов, К. Аттокуров, Т. Эркебаев, Т. Мамытов, Б. Кеңешов ж.б. лар менен толукталган.
1993-1998-жылдары факультетти х.и.к., доцент Д. Т. Алтыбаева жетектеген. Коомдун өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан бул жылдары факультетте айыл-чарба бөлүмү ачылып, алгачкы жолу “зооинженерия”, “агрономия” адистиктери боюнча адистерди даярдоо башталган. 1996-жылдан “агроэкология”, “агроэкономика” адистиктери ачылган. Бөлүмдү алгач а.-ч.и.к., Э. Смаилов, 1994-жылдан х.и.к., А.Токтомаматов, 1998-жылы б.и.к., доцент А. Киргизбаев, андан кийин Д. Тороев жетектеп келген. Чет элдик байланыштардын кеңейишине көңүл бурулган.
Факультеттин тарыхында биринчи жолу 1996-97-окуу жылында АКШнын Джортаун университетинин профессору Джон Кларк студенттерге экономикалык география боюнча сабак өткөн. Ошол учурдагы профессор Джон Кларктын лекциясын уккан студенттерден учурда э.и.к., Арзыбек Кожошев - Каржы министринин орун басары, э.и.к., Элмурат Обдунов - ЖК депутаты, Замир Аскаров - Ноокат районунун акими. Ош МУнун бүтүрүчүүсү, х.и.к., доцент Миңбаева Чолпон 1997-жылы Портленд университетинде стажировкадан өтүп, учурда Америкада илимий кызматкер. Студенттерге сабактарды өтүүдө мыкты илимпоздорду чакыруу практикаланган. Мисалы атайын лекцияларды окуу үчүн КРдин УИАнын академиктери – К.Сулайманкулов, Б.Иманакунов жана б.и.д., профессор С.Касиев, г.и.д., профессор К.Исаевдер чакырылган. Бул жылдары факультетте илимий потенциал өскөн, б.а. Б.Каримова (1997), К.Матикеев (1996), А.Эргешов (1998) доктордук диссертацияларын жакташса, 8 окутуучу кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкондугун белгилөөгө болот (Т. Эркебаев, Т. Молдопиязова, В. Хетагурова, К. Аттокуров, С. Абжамилов, Б. Кеңешов, М. Мырзаева, И.Полотов).
1998-2003-жылдары х.и.к., доцент А. Токтомаматов декан болгон. Бул жылдары факультеттин материалдык-техникалык базасы жакшыртылган, жаңы адистиктер ачылып, профессордук-окутуучулук курамда сапаттык жактан олуттуу өзгөрүүлөр болгон. А.Сүйүнбекова, Т.Мамытовдор алгачкы жолу Ош мамлекеттик университетинин базасында химия илими боюнча кандидаттык диссертацияларын жакташкан. 2001-жылы Т. Т. Жумабаева Москва шаарында биология адистиги боюнча доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Биология илимдеринин доктору, профессор Т. Т. Жумабаева декан болуп иштеген 2003-2005-жылдары факультетте окуу-методикалык, илимий иштерди уюштурууда жаңылануулар болгон. Экология жана криминалистика адистиктери үчүн атайын тиешелүү лабораториялык алеттер-куралдар (прибор) менен жабдылган окуу лабораториялары ишке киргизилген. Окуу залы, спорт залы, студенттик ашкана ремонттолгон. Анын жеке аракети жана ректор, академик Б.Мурзубраимовдун колдоосу менен Москва шаарынан (“ЛАБтехника”) алынып келинген лабораториялык мебелдер менен жабдылган факультеттин биохимия, химия лабораториялары, медицина факультетиндеги химия лабораториялары аудиториялардын көркүн ачып, заманбап сабактарды өтүүгө шарт түзгөн. Т.Т. Жумабаева декан болуп турган мезгилде түрдүү окуу-усулдук, көргөзмө куралдар алынып, окутуунун жаңы технологиялары боюнча үзгүлтүксүз семинарлар өтүлүп, жаш окумуштуулар университеттин “Сынчыл ойломду окуу жана жазуу аркылуу өстүрүү” (жет. Н.А.Ешенова) лабораториясынан курстардан өтүп, сертификаттарга ээ болушкан. Факультетте усулдук кеңештин иши жандандырылып, окутуучулардын өз ара сабактарга катышуусу активдештирилген, “Ар бир сабак, ачык сабак” акциясы уюштурулган.
Факультеттин учурдагы жетишкен ийгиликтери 60 жылда факультетти жетектеп келген декандардын жана талыкпай эмгектенип келген профессордук-окутуучулук курамдын талбаган эмгегинин натыйжасы. Акыркы мезгилдерде ректораттын колдоосу менен факультеттин материалдык-техникалык базасын ар тараптан чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду жана төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды:
• факультеттеги ар бир илимий даражасы бар профессор-окутуучулар, кафедралар компьютерлер менен камсыздалып, интернет менен байланыштырылды жана ар бир окутуучунун чыгармачылык менен иштөөсүн камсыздоого негизги көңүл бурулууда.
• Заманга төп келген китепкана жана окуу залы курулду, спорттук жана актылык залдар талапка ылайык оңдолду.
• Имараттын жылытуучу системасы жакшыртылды жана кафедралардын эл аралык уюмдар менен байланышы чыңалды.
• Окуу процессин заманбап техникалык жана лабораториялык каражаттар менен камсыздоого басым жасалууда. • Факультетте илимий иштерди аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө басым жасалууда жана анын натыйжасында окутуучулардын кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоосу ыкчамдады, студенттер тарабынан аткарылуучу дипломдук жумуштардын мазмундары байыды.
Факультетте студенттердин окуусу жана алардын катышуусу менен түрдүү багыттагы жана тематикадагы маданий-массалык жана спорттук иштерди уюштуруу үчүн 37 аудитория, анын ичинен 5 лекциялык зал жана 3 ресурстук борбор, 11 лаборатория, 3 усул канасы, 6 компьютердик класс, 3 информациялык-билим берүүчү борбор, 5000 аталыштагы коллекциясы бар гербарийлик фонд, 3 биологиялык музей жана 1 жандуу бурч, 60000 китеби бар китепкана, ботаникалык бак, бардык шарттары бар спорт зал, 650 орундуу 1 чоң актылыр залы жана 80 орундуу ашкана материалдык-техникалык база катары кызмат кылышат:
Факультеттин керегесинде даярдалып жаткан биология, химия жана география мугалимдерин, экологдорду, ветеринардык врачтарды, геодезисттерди жана химиялык, экологиялык жана криминалистикалык экспертиза адистигине адистештирүү менен химиктерди жогорку деңгээлдеги адистер катары даярдап чыгууда окуу-усулдук иштерге өзгөчө көңүл бурулат. Ар бир кафедрада жана жалпы факультет боюнча тажрыйбалуу профессор-окутуучулардан турган усулдук кеңеши түзүлгөн.
2005-жылдан баштап ушул мезгилге чейин факультетти б.и.к., доцент О. Коланов жетектеп келүүдө. Акыркы 10 жылдын ичинде факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын чыгармачылык иш-аракеттеринин натыйжасында 20 дан ашык аталыштагы окуулуктар, 70тен ашык аталыштагы окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыкты жана басмадан жарык көрдү, ар бир предмет үчүн окуу-усулдук комплекстери түзүлгөн жана анын мазмуну жыл сайын жаңы маалыматтар, материалдар ж.б. менен толукталып турат. Алар негизги окуулуктар менен биргеликте студенттердин мазмундуу билим алуусуна өз үлүштөрүн кошууда.
Университеттин жана эл аралык донор уюмдардын ар тараптуу колдоолорунун натыйжасында түзүлгөн 3 информациялык - билим берүүчү ресурстук борборлор бар жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн профессор-окутуучулар, көмөкчү кызматкерлер, аспиранттар, илимий изденүүчүлөр, студенттер кеңири пайдалануу менен өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүшөт. Факультет өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстандын, КМШ өлкөлөрүнүн, алыскы чет өкөлөрдүн университеттери жана башка билим берүү, илимий мекемелери, эл аралык донор уюмдар менен тигил же бул деңгээлдеги байланыштардын натыйжасында иш алып барат. Билим берүү багытында факультеттин жана анын карамагындагы кафедралардын түрдүү билим берүү мекемелер менен байланыштары бар жана алар менен тажрыйба алмашуу, окуу-усулдук жактан өз-ара көмөктөшүү иштери системалуу ишке ашат.
Илимий-изилдөө багытында факультеттин курамындагы кафедралардын, илимий мектептердин жана лабораториялардын европалык университеттер менен да байланыштары түзүлгөн.
Факультеттин профессор-окутуучулары илимий-окутуучулук ишмердүүлүгү менен бир катарда региондогу экологиялык, жерди туруктуу пайдалануу жана туруктуу өнүгүү сыяктуу проблемаларды жана аларга байланыштуу болгон идеяларды элдин калың катмарына таратууда үзүрлүү эмгектенишүүдө. Бул жаатта эл аралык донор уюмдар жана мамлекеттик мекемелер менен иштөө жакшы жолго коюлган. Мисалы:
• АКШнын Орегон университети (Department of Wildlife and Fisheries),
• АКШнын Массачусетс университети (Department of Natural Resources),
• АКШнын Джоржтаун университети,
• Венгрия эл республикасынын Сзегед борбордук университети,
• HIVOS, Millieukontakt Oost Europa, Каунтерпарт Консорциум, ISAR, INTRAC, БУУӨП, LIFE программасы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, TACIS, CASDIN, МФИС, NOVIB, NDI, ЮНЕП ж.б.уюмдар;
• Тоолуу Бадахшандын Хорог университети,
• Тажик Республикасынын өзгөчө корукка алган аймактар боюнча мамлекеттик агенттиги,
• Кыргызстандын Тоолуу аймактарды өнүктүрүү институту,
• Кыргыз Республикасынын жайыт департаменти.
Факультеттин профессор-окутуучуларынын башка өзгөчөлүгү, алар тарабынан түзүлгөн өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу менен экологиялык, жерди туруктуу башкаруу жана туруктуу өнүгүүнүн идеяларын калың журтка таратуу жаатында 200дөн ашуун ар түрдүү деңгээлдеги долбоорлор иштелип чыкты жана алардын ичинен 90дон ашыгы эл аралык донор уюмдар тарабынан каржылык колдоолорго ээ болуп, Кыргызстандын түштүк регионундагы аймактарда ишке ашырылууда. Эл аралык донор уюмдардын колдоосунда факультеттин 20дан ашык профессор-окутуучулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө болуп, алардын экологиялык жааттагы маселелерди чечүүдөгү тажрыйбалары менен жакындан таанышып келишти.