История
1951-жылдын 18-июлунда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жана Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин биргелешкен токтомунун негизинде Ош мугалимдер институтунун базасында Ош мамлекеттик педагогикалык институту тїзїлїп, анда табият таануу жана география кафедрасы ачылып, аны доцент М. А. Абдулина жетектеген. 1952-53-окуу жылында аталган кафедранын базасында факультет тїзїлїп, табият таануу факультетинде ботаника, зоология, химия жана физкультура кафедралары єз ишмердїїлїктєрїн алып барышкан. Факультеттин деканы М. Сатыбалдиев болгон. Факультетке тажрыйбалуу окутуучулар чакырыла баштаган, студенттердин саны єсїп, материалдык-техникалык базасы кеўейе баштаган.
1954-1955-жылдары «Табият таануу факультети» - биология факультети деп аталып, анда тажрыйбалуу педагогдор, илимдин кандидаттары, доценттер:
Л.И. Кочкорный, Ю.И. Китаев, Ю.Я. Тильманс, А.З. Аниканова, А.И. Крапивина, улук окутуучулар: Т. Айдашев, И.И. Ибрагимов, Э. Оморов иштей башташкан. Аталган окумуштууларды биология факультетинин кафедраларынын тїптєєчїлєрї деп атоого болот.
1957-жылы биология факультети кайрадан табият таануу жана география факультети деп єзгєртїлїп, анын базасында жогоруда кєрсєтїлгєн адистиктер менен бир катарда география адистиги боюнча дагы адистер даярдала баштаган жана факультетти б.и.к., доцент К. В. Пискарев жетектеген. Факультеттин материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасын кеўейтїї їчїн Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде агробиостанция (ботсад) курулуп, ал жерде ботаника, зоология, айыл-чарбанын негиздери предметтери їчїн лабораториялар ачылып, курстук, дипломдук жумуштар аткарылып, илимий-изилдєє багытындагы эксперименттер да жїргїзїлє баштаган. Алгачкы дендропарктар, оранжерея, гїл бакчасы, балык єстїрїїчї кєлмєлєр, бассейндер, талаа жана лабораториялык практикумдар їчїн атайын бєлїмдєр тїзїлє баштаган. Дендропарк, гїл бакчалар їчїн тиешелїї єсїмдїктєрдїн уруктары, кєчєттєрї – Москва, Ленинград (Санкт –Петербург), Алма-Аты, Ташкент, Киев ж.б. шаарларынан алынып келдирилген.. Факультеттин илим-изилдєє иштери жандануунун натыйжасында окутуучулар И.И. Ибрагимов, Э.Оморов кандидаттык диссертацияларын ийгиликтїї коргошкон.
1966-1973-жылдары табият таануу жана география факультети кайрадан биология факультети деп аталып, аны б.и.к., доцент Бозун Алышбаев (1966-73) жетектеп турган. Билим берїї менен єндїрїштїн байланышы тууралуу концепция кабыл алынып, анын негизинде биологияны, зоология, ботаника, химияны окутуунун методикасы (усулу) кафедрасы ачылып, лабораториялык-практикалык сабактар: ботаникадан - агробиостанцияда, зоологиядан – асыл-тукум чарбаларында (племхоз), - зооветлабораторияларда, химиядан – химзаводдордо єткєрїї практикалана баштаган. Факультеттин окумуштуулар курамы жергиликтїї фауна менен флораны изилдєєгє кєбїрєєк кєўїл бєлїшкєн. Кафедралардын профессордук - окутуучулук курамы факультеттин алдыўкы бїтїрїїчїлєрї Б. Мурзубраимов, Б. Каримова, К. Матикеев, Ж. Эргешбаев, Ш. Абжамилов, Н. Матамаров, А. Кыргызбаев, Д. Т. Алтыбаевалар менен толукталып, профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык кєрсєткїчї жогорулаган.
1974-1986-жылдары м.и.к., доцент Ч. Ж. Жумабаев факультеттин деканы болгон мезгилде факультет бир топ кеўейген жана материалдык-техникалык базасы чыўдалган. Зоология кафедрасынын алдында тїзїлгєн “Кишинин анатомиясы” музейи студенттердин, окуучулардын биология адистигин тереў єздєштїрїїгє єбєлгє тїздї. Учурда музей Черик Жанетович Жумабаев атында аталгандыгын белгилєєгє болот. Кафедралардын профессордук-окутуучулук курамына перспективалуу экинчи муундагы адистер, б.и.к. Н. Байдєєлєтов, И. Бекмурзаев, Б. Токторалиев О. Карашев, жаш адистер: Э. Айдаралиев, А. Тажибаев, О. Коланов, А. Токтомаматов, Т. Жумабаева, Б. Кулназаров, А. Сїйїнбекова, М. Абдуллаева, Є. Карымшаковдор келип кошулушуп кафедралардын сапаттык кєрсєткїчїн жогорулатышкан.
1986-1988-жылдары факультетке х.и.д., профессор Б. Мурзубраимов декан болгон. Бул жылдары факультет жаўы имаратка кєчїп келген жана анын аудиториялык фонду, материалдык-техникалык базасы жакшырган жана кеўейген. Б.Мурзубраимов жетектеген мезгилдерде факультет кєптєгєн ийгиликтерге жетишип, Ош мамлекеттик институтунда єткєрїлїп туруучу кєптєгєн конкурс-сынактардын жеўїїчїсї болуп келген. 1986-87-окуу жылында факультеттеги 4 кафедрада иштеген 30 окутуучунун 29 илимдин кандидаттары болушкан. 1988-1990-жылдары Б.Мурзубраимовдун башка кызматка которулгандыгына байланыштуу, факультетти доцент А. Кыргызбаев жетектеген. 1990-1993-жылдары факультетке кайрадан профессор Б. Мурзубраимов декан болуп шайланган. Ошол мезгилде факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, факультеттин бїтїрїїчїлєрїнїн ичинен чыккан їчїнчї муундагы адистер: С. Абжамилов, К. Аттокуров, Т. Эркебаев, Т. Мамытов, Б. Кеўешов ж.б. лар менен толукталган.
1993-1998-жылдары факультетти х.и.к., доцент Д. Т. Алтыбаева жетектеген. Коомдун єнїгїїсїндєгї социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан бул жылдары факультетте айыл-чарба бєлїмї ачылып, алгачкы жолу “зооинженерия”, “агрономия” адистиктери боюнча адистерди даярдоо башталган. 1996-жылдан “агроэкология”, “агроэкономика” адистиктери ачылган. Бєлїмдї алгач а.-ч.и.к., Э. Смаилов, 1994-жылдан х.и.к., А.Токтомаматов, 1998-жылы б.и.к., доцент А. Киргизбаев, андан кийин Д. Тороев жетектеп келген. Чет элдик байланыштардын кеўейишине кєўїл бурулган.
Факультеттин тарыхында биринчи жолу 1996-97-окуу жылында АКШнын Джортаун университетинин профессору Джон Кларк студенттерге экономикалык география боюнча сабак єткєн. Ошол учурдагы профессор Джон Кларктын лекциясын уккан студенттерден учурда э.и.к., Арзыбек Кожошев - Каржы министринин орун басары, э.и.к., Элмурат Обдунов - ЖК депутаты, Замир Аскаров - Ноокат районунун акими. Ош МУнун бїтїрїчїїсї, х.и.к., доцент Миўбаева Чолпон 1997-жылы Портленд университетинде стажировкадан єтїп, учурда Америкада илимий кызматкер. Студенттерге сабактарды єтїїдє мыкты илимпоздорду чакыруу практикаланган. Мисалы атайын лекцияларды окуу їчїн КРдин УИАнын академиктери – К.Сулайманкулов, Б.Иманакунов жана б.и.д., профессор С.Касиев, г.и.д., профессор К.Исаевдер чакырылган. Бул жылдары факультетте илимий потенциал єскєн, б.а. Б.Каримова (1997), К.Матикеев (1996), А.Эргешов (1998) доктордук диссертацияларын жакташса, 8 окутуучу кандидаттык диссертацияларын ийгиликтїї коргошкондугун белгилєєгє болот (Т. Эркебаев, Т. Молдопиязова, В. Хетагурова, К. Аттокуров, С. Абжамилов, Б. Кеўешов, М. Мырзаева, И.Полотов).
1998-2003-жылдары х.и.к., доцент А. Токтомаматов декан болгон. Бул жылдары факультеттин материалдык-техникалык базасы жакшыртылган, жаўы адистиктер ачылып, профессордук-окутуучулук курамда сапаттык жактан олуттуу єзгєрїїлєр болгон. А.Сїйїнбекова, Т.Мамытовдор алгачкы жолу Ош мамлекеттик университетинин базасында химия илими боюнча кандидаттык диссертацияларын жакташкан. 2001-жылы Т. Т. Жумабаева Москва шаарында биология адистиги боюнча доктордук диссертациясын ийгиликтїї коргогон.
Биология илимдеринин доктору, профессор Т. Т. Жумабаева декан болуп иштеген 2003-2005-жылдары факультетте окуу-методикалык, илимий иштерди уюштурууда жаўылануулар болгон. Экология жана криминалистика адистиктери їчїн атайын тиешелїї лабораториялык алеттер-куралдар (прибор) менен жабдылган окуу лабораториялары ишке киргизилген. Окуу залы, спорт залы, студенттик ашкана ремонттолгон. Анын жеке аракети жана ректор, академик Б.Мурзубраимовдун колдоосу менен Москва шаарынан (“ЛАБтехника”) алынып келинген лабораториялык мебелдер менен жабдылган факультеттин биохимия, химия лабораториялары, медицина факультетиндеги химия лабораториялары аудиториялардын кєркїн ачып, заманбап сабактарды єтїїгє шарт тїзгєн. Т.Т. Жумабаева декан болуп турган мезгилде тїрдїї окуу-усулдук, кєргєзмє куралдар алынып, окутуунун жаўы технологиялары боюнча їзгїлтїксїз семинарлар єтїлїп, жаш окумуштуулар университеттин “Сынчыл ойломду окуу жана жазуу аркылуу єстїрїї” (жет. Н.А.Ешенова) лабораториясынан курстардан єтїп, сертификаттарга ээ болушкан. Факультетте усулдук кеўештин иши жандандырылып, окутуучулардын єз ара сабактарга катышуусу активдештирилген, “Ар бир сабак, ачык сабак” акциясы уюштурулган.
Факультеттин учурдагы жетишкен ийгиликтери 60 жылда факультетти жетектеп келген декандардын жана талыкпай эмгектенип келген профессордук-окутуучулук курамдын талбаган эмгегинин натыйжасы. Акыркы мезгилдерде ректораттын колдоосу менен факультеттин материалдык-техникалык базасын ар тараптан чыўдоого єзгєчє кєўїл бурулду жана тємєндєгїдєй жумуштар аткарылды:
• факультеттеги ар бир илимий даражасы бар профессор-окутуучулар, кафедралар компьютерлер менен камсыздалып, интернет менен байланыштырылды жана ар бир окутуучунун чыгармачылык менен иштєєсїн камсыздоого негизги кєўїл бурулууда.
• Заманга тєп келген китепкана жана окуу залы курулду, спорттук жана актылык залдар талапка ылайык оўдолду.
• Имараттын жылытуучу системасы жакшыртылды жана кафедралардын эл аралык уюмдар менен байланышы чыўалды.
• Окуу процессин заманбап техникалык жана лабораториялык каражаттар менен камсыздоого басым жасалууда. • Факультетте илимий иштерди аткаруу їчїн шарттарды тїзїїгє єзгєчє басым жасалууда жана анын натыйжасында окутуучулардын кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоосу ыкчамдады, студенттер тарабынан аткарылуучу дипломдук жумуштардын мазмундары байыды.
Факультетте студенттердин окуусу жана алардын катышуусу менен тїрдїї багыттагы жана тематикадагы маданий-массалык жана спорттук иштерди уюштуруу їчїн 37 аудитория, анын ичинен 5 лекциялык зал жана 3 ресурстук борбор, 11 лаборатория, 3 усул канасы, 6 компьютердик класс, 3 информациялык-билим берїїчї борбор, 5000 аталыштагы коллекциясы бар гербарийлик фонд, 3 биологиялык музей жана 1 жандуу бурч, 60000 китеби бар китепкана, ботаникалык бак, бардык шарттары бар спорт зал, 650 орундуу 1 чоў актылыр залы жана 80 орундуу ашкана материалдык-техникалык база катары кызмат кылышат:
Факультеттин керегесинде даярдалып жаткан биология, химия жана география мугалимдерин, экологдорду, ветеринардык врачтарды, геодезисттерди жана химиялык, экологиялык жана криминалистикалык экспертиза адистигине адистештирїї менен химиктерди жогорку деўгээлдеги адистер катары даярдап чыгууда окуу-усулдук иштерге єзгєчє кєўїл бурулат. Ар бир кафедрада жана жалпы факультет боюнча тажрыйбалуу профессор-окутуучулардан турган усулдук кеўеши тїзїлгєн.
2005-2014-жылдары факультетти б.и.к., доцентО. Коланов жетектеген. 2014-жылдын январь айынан баштап факультети х.и.к.,доцент Мамытов Табалды Абдыевич жетектеп келе жатат. Акыркы 10 жылдын ичинде факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын чыгармачылык иш-аракеттеринин натыйжасында 20 дан ашык аталыштагы окуулуктар, 70тен ашык аталыштагы окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыкты жана басмадан жарык кєрдї, ар бир предмет їчїн окуу-усулдук комплекстери тїзїлгєн жана анын мазмуну жыл сайын жаўы маалыматтар, материалдар ж.б. менен толукталып турат. Алар негизги окуулуктар менен биргеликте студенттердин мазмундуу билим алуусуна єз їлїштєрїн кошууда.
Университеттин жана эл аралык донор уюмдардын ар тараптуу колдоолорунун натыйжасында тїзїлгєн 3 информациялык - билим берїїчї ресурстук борборлор бар жана алардын мїмкїнчїлїктєрїнєн профессор-окутуучулар, кємєкчї кызматкерлер, аспиранттар, илимий изденїїчїлєр, студенттер кеўири пайдалануу менен єздєрїнїн билимдерин єркїндєтїшєт. Факультет єзїнїн ишмердїїлїгїн Кыргызстандын, КМШ єлкєлєрїнїн, алыскы чет єкєлєрдїн университеттери жана башка билим берїї, илимий мекемелери, эл аралык донор уюмдар менен тигил же бул деўгээлдеги байланыштардын натыйжасында иш алып барат. Билим берїї багытында факультеттин жана анын карамагындагы кафедралардын тїрдїї билим берїї мекемелер менен байланыштары бар жана алар менен тажрыйба алмашуу, окуу-усулдук жактан єз-ара кємєктєшїї иштери системалуу ишке ашат.
Илимий-изилдєє багытында факультеттин курамындагы кафедралардын, илимий мектептердин жана лабораториялардын европалык университеттер менен да байланыштары тїзїлгєн.
Факультеттин профессор-окутуучулары илимий-окутуучулук ишмердїїлїгї менен бир катарда региондогу экологиялык, жерди туруктуу пайдалануу жана туруктуу єнїгїї сыяктуу проблемаларды жана аларга байланыштуу болгон идеяларды элдин калыў катмарына таратууда їзїрлїї эмгектенишїїдє. Бул жаатта эл аралык донор уюмдар жана мамлекеттик мекемелер менен иштєє жакшы жолго коюлган. Мисалы:
• АКШнын Орегон университети (Department of Wildlife and Fisheries),
• АКШнын Массачусетс университети (Department of Natural Resources),
• АКШнын Джоржтаун университети,
• Венгрия эл республикасынын Сзегед борбордук университети,
• HIVOS, Millieukontakt Oost Europa, Каунтерпарт Консорциум, ISAR, INTRAC, БУУЄП, LIFE программасы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, TACIS, CASDIN, МФИС, NOVIB, NDI, ЮНЕП ж.б.уюмдар;
• Тоолуу Бадахшандын Хорог университети,
• Тажик Республикасынын єзгєчє корукка алган аймактар боюнча мамлекеттик агенттиги,
• Кыргызстандын Тоолуу аймактарды єнїктїрїї институту,
• Кыргыз Республикасынын жайыт департаменти.
Факультеттин профессор-окутуучуларынын башка єзгєчєлїгї, алар тарабынан тїзїлгєн єкмєттїк эмес уюмдардын катышуусу менен экологиялык, жерди туруктуу башкаруу жана туруктуу єнїгїїнїн идеяларын калыў журтка таратуу жаатында 200дєн ашуун ар тїрдїї деўгээлдеги долбоорлор иштелип чыкты жана алардын ичинен 90дон ашыгы эл аралык донор уюмдар тарабынан каржылык колдоолорго ээ болуп, Кыргызстандын тїштїк регионундагы аймактарда ишке ашырылууда. Эл аралык донор уюмдардын колдоосунда факультеттин 20дан ашык профессор-окутуучулары алыскы жана жакынкы чет єлкєлєрдє болуп, алардын экологиялык жааттагы маселелерди чечїїдєгї тажрыйбалары менен жакындан таанышып келишти.