Бакалаврды профилдештирүү (Багыты, окутулуучу предметтер)
Кафедра төмөндөгү адистикти даярдайт:

550600 “Көркөм билим берүү” профили “Музыкалык билим берүү”(квалификация бакалавр) Нормативдик окуу мөөнөтү: 4 жыл Музыкалык билим берүүнүн бакалавр академиялык баскычына абитуиренттерди кабыл алуу тийешелүү эрежелер боюнча жүргүзүлөт . Башка адистиктерден өзгөчөлөнүп музыкалык билим берүү адистигине кабыл алынган абитуиренттер музыкалык жөндөмдүүлүк жана сабаттуулугу боюнча ооз эки жана жазуу жүзүндө экзамен тапшырышат, ошондой эле кыргыз (орус тили) тили боюнча тест алынат. Сынактардан ийгиликтүү өтүшкөн абитуиренттер окууга кабыл алынып, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим алышат. Бакалавр академиялык баскычы боюнча окууна аяктагандар магистр академиялык (II – жылдык)баскычы боюнча окуусун уланта алышат.

Кафедранын материалдык-техникалык базасы:

Кафедранын материалдык-техникалык базасы музыкалык билим берүү адистигин даярдоого карата мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жооп берет. Лекциялык залдар, кабинеттер жана аудиториялар лекциялык жана практикалык кустарды өтүүгө ылайык. Музыкалык аспаптар жетиштүү. Кафедранын карамагында үн жазуучу лаборатория иштейт. Окуу усулдук адабияттар менен толук камсыз болгон. Лекцилык сабактарга жана түрдүү маданий иш чараларга концерттик зал пайдаланылат. Кафедранын окутуучулары тарабынан белгилүү обончу композитор Р.Абдыкадыровдун музейи түзүлгөн.Компьютердик класс жабдылган, ал интернет менен туташтырылган. Лекциялык сабактарда мультимедиалык система менен интерактивтик доска пайдаланылат.

Окуу процессин методикалык жана информациялык багытта камсыздоо

Студенттерди окуу жана окуу сулудук адабияттар менен камсыз кылуу негизинен университеттин жана факультеттин китепканалары жана окуу залдары аркылуу ишке ашырылат. Китепканаларда окуу усулдук жана илимий адабияттар журналдар, ноталык жазуулар студенттердин сапаттуу билим алуусун толук камсыз кылат. Илимий иштерди жүргүзүү үчүн ата мекендик адабияттар менен кошо чет мамлекеттердин басылмалары пайдала.Булар менен катар студенттерди кафедранын окутуучулары тарабынан иштелип чыккан окуу-усулдук материалдар менен камсыздайбыз. Студенттердин кошумча материалдарга ээ болуусу үчүн музыкалык сөздүктөр жана музыкалык энцклопедиялар колдонулат. Китепканаларда кыргыз жана чет элдик композиторлодун чыгармаларынын партитуралары китепканаларда жетиштүү.Булардан сырткары университеттин электрондук китепканасынан дагы пайдаланабыз. Китепканаларда искусстовонун, музыканын тарыхы боюнча 40тан ашуун DVD диск бар жана мультмедиалык техналогия боюнча компьютердик продукталар да колдонулат.

Бүтүрүүчүлөргө болгон муктаждык жана алардын кесиби боюнча ишке орношуусу

Бүтүрүүчүлөр республиканын билим берүү мекемелеринде музыка мугалими, бала бакчаларда музыкант тарбиячы катары иштешет. Көбүнчө Ош областынын мектептеринде, андан кийин Жалал-Абад, Баткен облустарындагы билим берүү жана маданий мекемелеринде эмгектенишет. Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан окууну артыкчылык диплому менен аяктагандар орто жана жогорку окуу жайларына кызматтка кабыл алынат. Ноябрь айында өткөрүлгөн иш берүүчүлөр менен болгон семинарда биздин бүтүрүүчүлөрдүн билиминин жогору экендигин жана практикалык ык-машыгууларынын талапка толук жооп берерлигин иш берүүчүлөр белгилешти.
Билим берүү ишмердиги

550600 “Көркөм билим берүү”, профили Музыкалык билим берүүдө (бакалвр академиялык баскычында ) окутулуучу дисциплиналар (предметтер)
1. Музыкалык тилдин структурасы
2. Гармония
3. Сольфеджио
4. Полифония
5. Музыкалык чыгармаларды талдоо
6. Музыканын тарыхы
7. Чет элдик музыканынтарыхы
8. Музыкалык тарбиялоонун усулу
9. Музыкалык психология
10. Манас жана музыка
11. Дүйнөлүк маданият
12. Көркөм сөз маданияты.
13. Элдик бий
14. Эстрада жана джаз музыка тарыхы
15. Транспозиция
16. Хорду дирижерлөө
17. Хор тануу
18. Шыгыр партитурасы
19. Хорду аранжирлөө
20. Хор класс
21. Хор адабияты
22. Музыканын теориясы
23. Негизги профессионалдык музыка мугалимин тарбиялоо
24. Орус классикалык муз. тарыхы
25. Мектеп чыгармаларын өздөштүрүү
26. Музыка таануу
27. Музыка аркылуу экологияны түшүнүү
28. СНГ музыкасынын тарыхы
29. Ата мекен музыкасынын тарыхы

Практикалары:
Адаптациялык педагогикалык практика
Профессоналдык –базалык практика,
Профессоналдык профилдик практика.