Кафедра төмөндөгү адистикти даярдайт:

550600 “Көркөм билим берүү” профили “Музыкалык билим берүү”(квалификация бакалавр) Нормативдик окуу мөөнөтү: 4 жыл Музыкалык билим берүүнүн бакалавр академиялык баскычына абитуиренттерди кабыл алуу тийешелүү эрежелер боюнча жүргүзүлөт . Башка адистиктерден өзгөчөлөнүп музыкалык билим берүү адистигине кабыл алынган абитуиренттер музыкалык жөндөмдүүлүк жана сабаттуулугу боюнча ооз эки жана жазуу жүзүндө экзамен тапшырышат, ошондой эле кыргыз (орус тили) тили боюнча тест алынат. Сынактардан ийгиликтүү өтүшкөн абитуиренттер окууга кабыл алынып, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим алышат. Бакалавр академиялык баскычы боюнча окууна аяктагандар магистр академиялык (II – жылдык)баскычы боюнча окуусун уланта алышат.

Билим берүү ишмердиги

550600 “Көркөм билим берүү”, профили Музыкалык билим берүүдө (бакалвр академиялык баскычында ) окутулуучу дисциплиналар (предметтер)
1. Музыкалык тилдин структурасы
2. Гармония
3. Сольфеджио
4. Полифония
5. Музыкалык чыгармаларды талдоо
6. Музыканын тарыхы
7. Чет элдик музыканынтарыхы
8. Музыкалык тарбиялоонун усулу
9. Музыкалык психология
10. Манас жана музыка
11. Дүйнөлүк маданият
12. Көркөм сөз маданияты.
13. Элдик бий
14. Эстрада жана джаз музыка тарыхы
15. Транспозиция
16. Хорду дирижерлөө
17. Хор тануу
18. Шыгыр партитурасы
19. Хорду аранжирлөө
20. Хор класс
21. Хор адабияты
22. Музыканын теориясы
23. Негизги профессионалдык музыка мугалимин тарбиялоо
24. Орус классикалык муз. тарыхы
25. Мектеп чыгармаларын өздөштүрүү
26. Музыка таануу
27. Музыка аркылуу экологияны түшүнүү
28. СНГ музыкасынын тарыхы
29. Ата мекен музыкасынын тарыхы

Практикалары:
Адаптациялык педагогикалык практика
Профессоналдык –базалык практика,
Профессоналдык профилдик практика.