Кафедра жөнүндө

“Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ ” кафедрасы

« Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ» кафедрасы 2000-ж. ОшМУнун ректорунун 18-май күнкү №6/1 буйругунун негизинде «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистиги боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында түзүлгөн жана кафедра башчысы болуп э.и.д., профессор Арзыбаев Атабек Алибекович дайындалган.

«Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистиги боюнча кафедранын биринчи бүтүрүүчүлөрү 2004-жылы окууну аякташып, «Экономист» квалификациясына ээ болушкан. 2003-2007-жылдары кафедраны э.и.д., профессор Ж.Т.Тургунбаев, 2007-2008-жылдары кафедра башчысы кызматында ф.-м.и.д., профессор А.М.Джураев, 2009-2016-жылдары э.и.д., профессор Т.Ч.Култаев, 2016-2020-жылдары э.и.к., доцент Т.М.Исраилов, 2020-2021-жылдары э.и.к., доцент И.Р. Мырзаибраимова жана 2021-жылдын июнь айынан тартып э.и.к., доцент К.К.Токторов жетектеп келүүдө.

2010-2022-жылдар арасында 4 илимдин доктору жана 12 илимдин кандидаттары диссертацияларын коргошту жана тиешелүү илимий даражаларына ээ болушту. Ошентип, бүгүнкү күндө кафедрада 3 илимдин доктору, 12 илимдин кандидаты, 2 улук окутуучу жана 4 окутуучу, алардын арасында 4 “Экономика” багыты боюнча магистр эмгектенет, баары – 21. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын 4 Эл аралык Сертификацияланган бухгалтер – практик (CAP) денгээлинен өткөн. Алар Токторов К.К., Исраилов Т.М., Мырзаибраимова И.Р., Бекмуратов А.Т. Кафедранын базасында CIPA программасы боюнча даярдоо Борбору ачылып, азыркы күнгө чейин, кафедранын окутуучуларынын жетекчилиги астында студенттер жана бүтүрүүчүлөр арасынан 35 тен ашуун CAP даярдалган.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы илимий-изилдөө иштерде, квалификацияны жогорулатууда, семинарларда, конференцияларда үзгүлтүксүз катышып, чет өлкөлөрдө тажрыйба алмашууга активдүү аракеттенүүдө. 2014-жылдын июль айында э.и.к. К.К.Токторов Кытай Эл Республикасынын Цинь-Цзянь Педагогикалык Университетинде, ошол эле жылы октябрь айында Асанов М.А., Исраилов Т.М., Курманбекова А.А. Турциянын Синоп университетинде тажрыйба алмашуу боюнча жумуш сапарында болуп кайтты. 2015-жылы июль айында Асанов М.А., Алимова Г.Б., Мырзаибраимова И.Р. Кипр Эл аралык университетинде болуп кайтышкан.. Кафедранын профессору, э.и.д. Айбашев М. Ж. 2018-жылдын май айында Германия, Румыния мамлекеттеринде ЭРАСМУС проектиси менен тажрыйба алмашууга барып келген. Мындан тышкары 2017-2019-жылдар аралыгында жакынкы коңшу өлкөлөрдө кафедранын окутуучулары Т.М. Исраилов, И.Р. Мырзаибраимова, Д.А.Осмоналиева, Б.С. Раимбердиев Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинде жана К.К. Токторов, А.Т. Макыев, Н.М. Ташиев Душанбе шаарындагы Тажик мамлекеттик экономикалык университетинде тажрыйба алмашууда болуп кайтышты. 2021-жылы кафедранын профессорлору Т.Ч.Култаев РИАнын Сибирь бөлүмүнө, М.А.Джоробаева, доцент Т.М.Исраилов Туркиянын Аланья шаарындагы илимий конференцияларга катышып келишти.

Рыноктук карым-катнаштардын жогорулашы жана бухгалтердик эсептин Эл аралык стандарттарынын кабыл алынышы (МСФО) Республикада бухгалтердик эсептин системасынын өзгөрүшүнө алып келди. Натыйжада, МСФОнун талаптарына жооп берген адистерди даярдоого чон көңүл бурулду.

Кафедранын мүчөлөрү профессионалдуу бухгалтерлерди жана аудиторлорду Эл аралык сертификациялоо программасы боюнча курстарга жана семинарларга активдүү катышууда.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын илимий жана практикалык көрсөткүчтөрү

Аты-жөнү

Илимий даражасы

Практикалык иш тажрыйбасы

1

Култаев Т.Ч.

э.и.д., профессор

-

2

Айбашев М.Ж.

э.и.д., профессор

17 жыл технолог, цех башчысы

3

Джоробаева М. А.

э.и.д., профессор

5 жыл статист, бухгалтер

4

Исраилов Т.М.

э.и.к., доцент

18 жыл бухгалтер, ички аудитор

5

Токторов К.К.

э.и.к., доцент

11 жыл бухгалтер, ички аудитор

Макыев А.Т.

э.и.к., доцент

9 жыл бухгалтер, экспедитор, салык инспектору

6

Осмоналиева Д.А.

э.и.к., доцент

-

7

Мырзаибраимова И.Р.

э.и.к., доцент

19 жыл бухгалтер, тренер

8

Бекмуратов А.Т.

э.и.к., доцент

7 жыл бухгалтер

9

Ташиев Н.М.

э.и.к., доцент

9 жыл бухгалтер

10

Курманбекова А.А.

э.и.к., доцент

10 жыл бухгалтер

11

Эргешова А.М.

э.и.к., улук окут.

6 жыл банк адиси

12

Ташкулова Г.Б.

э.и.к., улук окут.

7 жыл бухгалтер

13

Раимбердиев Б.С.

э.и.к., улук окут.

-

14

Калбаев У.М.

окутуучу

-

15

Асанов М.А.

окутуучу

-

16

Исаева А.Э.

окутуучу

-

17

Нурланбек уулу С.

окутуучу

3 жыл бухгалтер

18

Оморов Н.

окутуучу

5 жыл бухгалтер

19

Талантова Т.Т.

окутуучу

-

20

Калысбек кызы Г.

лаборант

-