Тарыхы
      2003-жылдын 16-июлунда ОшМУнун Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институнда «Инженердик жана атайын техникалык сабактар» кафедрасы түзүлүп, кафедраны т.и.к., доцент И.Г.Кенжаев жетектеген. Ал эми 2006-жылы физика- техникалык факультети түзүлгөндүгүнө байланыштуу кафедра «Электр менен камсыздоо жана автомобилдик транспорт» кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. 2008-жылдын 21-майынан тартып кафедраны т.и.к., доцент Айдарбеков З.Ш. жетектеген.
      Кафедра 2009-жылдын 30-июлунда ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде (29.07.2009ж., протокол №8) ОшМУнун ректорунун №418 буйругу менен «Электр менен камсыздоо жана автомобилдик транспорт» кафедрасын факультеттин структурасын оптималдаштыруу максатында «Энергетика» жана «Автомобилдик транспорт» кафедраларына бөлүүнүн негизинде түзүлгөн.
      «Энергетика» кафедрасын 2009-жылдан 2016-жылга чейин т.и.к., доцент Айдарбеков З.Ш. жетектеген. Азыркы учурда кафедраны т.и.к., доцент Султанов С.К. жетектеп жатат.
      «Энергетика» кафедрасында жалпысынан 9 илимдин кандидаттары (алардын ичинен 1 профессор, 8 доцент), 3 ага окутуучу, 4 окутуучу, 1 лаборатория башчысы жана 1 лаборант эмгектенишет. Кафедранын толук штатта иштеген профессордук-окутуучулук курамы - 4 илимдин кандидаттары, доценттер, 3 ага окутуучу, 4 окутуучу жана 1 лаборатория башчысы жана 1 лаборант.
                                                
Энергетика кафедрасынын курамы

«Энергетика» кафедрасы 551701.03 - «Электр менен камсыздоо/тармактар боюнча» адистиги боюнча жогорку квалификациядагы адистерди (окуу мөөнөтү: күндүзгү бөлүмдө - 5 жыл, сырттан окуу бөлүмүндө – 6 жыл), 640200 - «Электроэнергетика жана электротехника» багыты боюнча бакалаврларды (окуу мөөнөтү: күндүзгү бөлүмдө – 4 жыл, дистанттык окуу бөлүмүндө – 5 жыл) жана 140212 - "Электр менен камсыздоо" орто кесиптик адистиги боюнча (окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында – 3 жыл, 11-класстын базасында – 2 жыл) даярдап чыгарат.