2022-жылы Ош мамлекеттик университетинин №2 жатаканасынын базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүүнүн жөндөмдүүлүктөрү: секторду өнүктүрүү” программасынын алкагында “Өркүндөтүлгөн тажрыйба борбору” долбоору аркылуу Окуу-өндүрүш комплекси түзүлүп, ОӨК тууралуу жобо бекитилген.
Окуу-өндүрүштүк комплексинде тигүү цехтери жана программалык жабдуулар менен жабдылган өндүрүштөр жайгашкан. Ошондой эле башка аймактардан келген колледж окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарынын алкагында конок бөлмөлөрү уюштурулган.
Окуу-өндүрүштүк комплексте студенттер теориялык билимдерди алып гана тим болбостон, практикалык кесиптик көндүмдөрдү да өздөштүрүшөт. ОӨКтө даярдалган буюмдар ОшМУнун фирмалык дүкөнү аркылуу сатылат. ОӨК ОшМУнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана индустриалдык-педагогикалык боюнча кесиптер жана (же) адистиктер боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн өндүрүштүк окуунун негизги базасы болуп кызмат кылат.
Окуу-өндүрүштүк комплекс – бул студенттердин кесиптик билим алуусу менен өндүрүштүк процессти айкалыштырып, теориялык билимдерди жана компетенцияларды бекемдөөгө шарт түзгөн маанилүү түзүмдүк бөлүм болуп саналат.
Негизги ишмердүүлүк багыттары:
ОӨК кызматкерлери:
Директор—Маразыков Нурабидин Камчиевич
Менеджер- Махмудов Хатам Адилович
Бухгалтер-Обдунов Кадырбек Эльдияравич
Технолог- Юлдашева Гулиза Жумашевна
Байланыш номерлери: +996(708)142306 ,+996(779)483857
Дареги: Ош шаары, Курманжан-Датка 283