Educational and Production Complex

University Structures Educational and Production Complex

Educational and Production Complex

2022-жылы Ош мамлекеттик университетинин №2 жатаканасынын базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүүнүн жөндөмдүүлүктөрү: секторду өнүктүрүү” программасынын алкагында “Өркүндөтүлгөн тажрыйба борбору” долбоору аркылуу Окуу-өндүрүш комплекси түзүлүп, ОӨК тууралуу жобо бекитилген.

Окуу-өндүрүштүк комплексинде  тигүү цехтери жана программалык жабдуулар менен жабдылган өндүрүштөр жайгашкан.  Ошондой эле башка аймактардан келген колледж окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарынын алкагында конок бөлмөлөрү уюштурулган.

Окуу-өндүрүштүк комплексте студенттер теориялык билимдерди алып гана тим болбостон, практикалык кесиптик көндүмдөрдү да өздөштүрүшөт. ОӨКтө даярдалган буюмдар ОшМУнун фирмалык дүкөнү аркылуу сатылат. ОӨК ОшМУнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана индустриалдык-педагогикалык боюнча кесиптер жана (же) адистиктер боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн өндүрүштүк окуунун негизги базасы болуп кызмат кылат.

Окуу-өндүрүштүк комплекс – бул студенттердин кесиптик билим алуусу менен өндүрүштүк процессти айкалыштырып, теориялык билимдерди жана компетенцияларды бекемдөөгө шарт түзгөн маанилүү түзүмдүк бөлүм болуп саналат.

Негизги ишмердүүлүк багыттары:

  • Окуу-өндүрүш комплексинин иши колледж студенттерин практикалык иш-аракетке активдүү тартууга жана кесипке эрте аралашууга багытталган.
  • Студенттер теориялык билимди практика менен бекемдөөгө, керектүү тажрыйба   топтоого жана кесипкерлик жөндөмдөрдү үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
  • Бул көндүмдөр келечекте ийгиликтүү жумуш менен камсыз болууга же жеке ишкердик ачууга өбөлгө түзөт.
  • Колледждин Окуу-өндүрүштүк комплексинин материалдык-техникалык базасы тигүү өндүрүшү жана дизайн тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
  • Жаш команда өз ишинин чеберлери болгон адистердин жетекчилиги менен ОӨК базасында өз өнөрүн өркүндөтүүдө.

ОӨК  кызматкерлери:

Директор—Маразыков Нурабидин Камчиевич

Менеджер- Махмудов Хатам Адилович

Бухгалтер-Обдунов Кадырбек Эльдияравич

            Технолог- Юлдашева Гулиза Жумашевна

Байланыш номерлери: +996(708)142306 ,+996(779)483857

Дареги: Ош шаары, Курманжан-Датка 283

 

 

Photogallery