Бүгүн, 6-ноябрда ОшМУнун Медициналык коллежинде коррупциянын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктер жана академиялык адилеттүүлүк боюнча студенттерге маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Ага окуу жайдын Коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нурлаким Арзиев жана инспектор Кыялбек Акимжан уулу катышты. Алар студенттерге коррупциялык көрүнүштөрдүн кесепеттери, ортомчулук үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жолдору тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле университетте коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиялар иш алып барып жатканы белгиленди.
Мындан тышкары мыйзамсыз аракеттерге күбө болгон учурда коркпостон тиешелүү органдарга кайрылуу зарылдыгы айтылды. Ал эми окуу иштери боюнча директордун орун басары студенттерге рейтингдик баллдарды топтоо, модулдарды жана сынактарды тапшыруу тартиби, артыкчылык дипломуна ээ болуу талаптары тууралуу түшүндүрмө берди.