КАБЫЛ АЛУУ: Айыл чарба коллежи кандай адистиктерди даярдайт?

Anasayfa Haberler

КАБЫЛ АЛУУ: Айыл чарба коллежи кандай адистиктерди даярдайт?

Image

Азыркы убакта айыл чарбасын өнүктүрүү абдан маанилүү. Анткени өсүп жаткан калктын азык-түлүккө болгон  коопсуздугун камсыз кылуу айыл чарба адистерине байланышкан. Бүгүнкү күндө аз каражат жумшап, сапаттуу продукцияларды өндүрүү, экологиялык таза продукциянын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу коомубузга зарыл болуп турат.

Жер иштетүү системасын жакшыртып, жогорку түшүм берүүчү сортторду себүүгө, асыл тукум малдардын санын көбөйтүүгө, дыйкан чарбалары, фермерлер умтулуп жатышат. Сапаттуу айыл чарба продукцияларын өндүрүп, эл аралык деңгээлге чыгаруу Сиздин колуңузда турат.

Эгер сиз айыл чарбасындагы керектүү адис болгуңуз келсе, анда ОшМУнун Айыл чарба коллежи  сизди күтөт!

Адистиктер:

Адистиктин аталышы

даражасы

Окуу форматы

Окуу мөөнөтү

1

Ветеринария

Орто кесиптик

күндүзгү

9 база 2 жыл 10 ай

11 база 1 жыл 10 ай

2

Айыл чарбасынын механизациясы

Орто кесиптик

күндүзгү

 

9 база 2 жыл 10 ай

11 база 1 жыл 10 ай

3

Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу

Орто кесиптик

күндүзгү

 

9 база 2 жыл 10 ай

11 база 1 жыл 10 ай

4

Агрономия

Орто кесиптик

күндүзгү

 

9 база 2 жыл 10 ай

11 база 1 жыл 10 ай

Айыл чарба коллежи студенттерге төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  1. Заманбап жана практикага багытталган билим берүү – студенттер теориялык билим менен катар талаа шартында, лабораторияларда жана чарбаларда практикалык көндүмдөргө ээ болушат.
  2. Эмгек рыногунда талап жогору адистиктер – колледж айыл чарба, мал чарбачылыгы, агрономия жана өсүмдүк өстүрүү тармагында керектүү адистерди даярдайт.
  3. Тажрыйбалуу окутуучулар жана материалдык-техникалык база – билим берүү процессин өз тармагындагы адистер жүргүзүп, заманбап окуу лабораториялары жана окуу-тажрыйба аянттары колдонулат.
  4. Ишке орношууга кеңири мүмкүнчүлүк – бүтүрүүчүлөр фермердик чарбаларда, агроөнөр жай ишканаларында, мамлекеттик жана жеке мекемелерде эмгектене алышат же өз чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
  5. Жогорку билимди улантуу мүмкүнчүлүгү – колледжди ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр Ош мамлекеттик университетинде жана башка жогорку окуу жайларында билимин улантып, кесиптик деңгээлин жогорулата алышат.

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,

Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана

fotoğraf Galerisi