Педагогика, искусство жана журналистика институту Нооруз майрамын белгиледи

Главная Новости

Педагогика, искусство жана журналистика институту Нооруз майрамын белгиледи

Image

17-мартта институттагы искусство, педагогика жана журналистика адистиктеринин тайпалары арасында сынак өтүп, жалпы 24 тайпа катышты. 

Ар бир тайпа өзүнө берилген темалар боюнча кыргыз элинин каада-салттарын сахналаштырып көрсөттү. Катышуучулар кыз-жигиттерге байланыштуу салттарды, үй-бүлө, нике каадаларын, балага байланышкан жөрөлгөлөрдү, улуттук оюн-зоокторду, элдик үрп-адаттарды жана улуттук тамак-аштарды чагылдырышты. Мындан тышкары айрым тайпалар каада-салттарды заманбап форматта көрсөтүп, видеороликтерди да даярдашты.

Жыйынтыгында жеңүүчү аталган тайпаларга институттун директору Замирбек Божоновдун демилгеси менен Арсланбап эс алуу жайына жолдомолор тапшырылды.

Университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипованын билдиришинче, иш-чара президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жарлыгынын алкагында уюштурулду. Максаты студенттердин чыгармачылык жөндөмүн арттырып, улуттук маданиятка болгон кызыгуусун күчөтү болууда. 

16-мартта ушул эле жобонун негизинде институтта дагы бир сынак уюштурулган. Анда 19 тайпа тушоо кесүү, кыз узатуу, үйлөнүү той жана кошок айтуу сыяктуу каада-салттарды сахналаштырып көрсөтүшкөн. Эми бул эки сынактын жеңүүчүлөрү 20-мартта Ош шаарындагы Барпы сейил багында өтө турган Нооруз майрамында өз өнөрлөрүн тартуулашат.

 

Фотогалерея