ОшМУда кибералдамчылыктан коргонуу боюнча маалымат берилди

Главная События

ОшМУда кибералдамчылыктан коргонуу боюнча маалымат берилди

Image

Окуу жайдын бардык түзүмдөрүндөгү кызматкерлер жана  студенттер үчүн кибералдамчылыктан коргонууга багытталган түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чарасы өттү.

Ага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кибер кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн, “Элдик”банк, “Дос-кредобанк” жана “Альфа Телеком” өкүлдөрү, университеттин коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева катышты.

Адистер презентация аркылуу кибералдамчылыктын кеңири тараган түрлөрү тууралуу маалымат беришти. Атап айтканда, мессенжерлер аркылуу акча алдоо, жеке маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануу, SMS-коддор аркылуу алдамчылык, жасалма документтерди колдонуу, ошондой эле катталбаган SIM-карталарды жана банк карталарын мыйзамсыз колдонуу боюнча мисалдар келтирилди.

Мындан тышкары катышуучуларга киберкоопсуздукту сактоо, жеке маалыматтарды коргоо жана алдамчылык схемаларынан сактануу жолдору кеңири түшүндүрүлдү. ОшМУнун коопсуздук кызматынын башчысы Нурлаким Арзиев окуу жайда катталган учурларды талдап, эң көп кездешкен алдамчылык ыкмалары тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мындай түшүндүрүү иштерин кеңири жайылтуу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле “Кибералдамчылык бүгүн” аттуу лекциялар сериясын уюштуруу, эксперттер менен жолугушууларды улантуу, окуу процессине “Киберкоопсуздуктун негиздери” сабагын киргизүү жана кибер-ыктыярчылар кыймылын түзүү сыяктуу сунуштар айтылды.

Иш-чара университеттин коопсуздук кызматы тарабынан интернет аркылуу жасалган кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу демилгеленди.


 

Фотогалерея