ОшМУнун окутуучусу Еревандагы конференцияда тажрыйба бөлүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окутуучусу Еревандагы конференцияда тажрыйба бөлүштү

Image

24–28-апрелде Армениянын Ереван шаарында постсоветтик өлкөлөрдүн орус тили мугалимдери үчүн эл аралык конференция өттү.

«Билим берүүдөгү орус тили: руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо» деген темадагы жыйынды Москвадагы Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаменти, «Москвадагы мекендештер үйү» уюштурду.

Конференцияга А.С. Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институтунун эксперттери катышты. Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Грузия, Молдова, Беларус жана Армениядан мугалимдер келди.

ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунан улук окутуучу Чынара Токурова барып, өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш-чарада мастер-класстар, тегерек стол, экскурсиялар болду. Катышуучулар тажрыйба алмашып, кесиптик байланыш түзүштү.

fotoğraf Galerisi