ОшМУда тарыхый мурастарга арналган жыйын өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда тарыхый мурастарга арналган жыйын өттү

Image

Эл аралык билим берүү программалар коллежинде 7–8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата студенттердин илимий-практикалык конференциясы өттү.

«Муундардын эс тутуму – элдин тарыхы, Мекендин сыймыгы» аталышындагы жыйында Ош технологиялык университетинин доценттери Гүлжамал Бекмурзаева, Сатимбай Осмонов жана Бекзат Тагаев тарыхый окуялар боюнча илимий баяндамаларын жасашты. Ошондой эле коллеждин студенттери окутуучуларынын жетекчилиги астында даярдаган баяндамаларын сунуштап, улуттук мурас, тарыхый окуялар, ата-бабалардын басып өткөн жолу тууралуу ой бөлүшүштү.

Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынып, мындан аркы илимий-агартуу иштеринин багыттары аныкталды.

Иш-чараны Индустриалдык-педагогикалык коллежинин «Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо» предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучулары демилгелешти.