Kyrgyzstan FIRST Championship 2026 улуттук чемпионатында Ош мамлекеттик университетинин робототехника багытындагы иштери тааныштырылууда. Иш-чара Бишкек шаарында 4–5-апрель күндөрү өтүп жатат.
Чемпионатка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жана «Next Generation Hub» борборунун кызматкерлери катышууда. Ректор борбордун ишмердүүлүгү, робототехника боюнча аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Ал эми борбордун өкүлдөрү чемпионатка робот иттерди жана дрондорду алып келип, алардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Катышуучуларга техникалар тууралуу кеңири түшүндүрмө берилип, кызыктырган суроолорго жооп кайтарылды.
Бул иш-чара жаштар арасында STEM-билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган эл аралык FIRST робототехника чемпионатынын Кыргызстандагы улуттук этабы болуп саналат. Анда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген командалар FIRST LEGO League Explore, FIRST LEGO League Challenge жана FIRST Tech Challenge (FTC) багыттары боюнча күч сынашууда.
Чемпионат жаштардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, робототехника тармагын алдыга жылдырууга жана эл аралык деңгээлдеги билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.