Айыл чарба коллежинин материалдык-техникалык базасы чыңдалат

Башкы Жаңылыктар

Айыл чарба коллежинин материалдык-техникалык базасы чыңдалат

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 4-ноябрда Айыл чарба коллежинин материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө ал лабораториялардын абалын көрүп, окуу процессинде алардын маанисин белгиледи. Ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн лабораториялык жабдууларды натыйжалуу пайдаланып, коллеждин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сунуштарын айтты.

Мындан тышкары эмгек рыногунун талабына ылайык кыска мөөнөттүү кесиптик курстарды уюштурууну сунуштады. Анын ичинде айдоочулук күбөлүк алууга даярдоо курстарын ачуу жана коллежге кошумча киреше алып келе турган бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Айыл чарба коллежи Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 5-июнунда ОшМУнун карамагына өткөрүлгөн.