ОшМУда Ош облусундагы 200гө жакын билим берүү кызматкерлери сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Ош облусундагы 200гө жакын билим берүү кызматкерлери сыйланды

Image

Бүгүн 28-майда окуу жайдын базасында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарага Ош облусунун райондорунан келген билим берүү тармагынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, кызматкерлери жана кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү катышты.  Салтанатта  билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан 200гө жакын кызматкер сыйланды. Анда Борбордук комитеттин Ардак грамоталары, төш белгилери жана ыраазычылык каттары тапшырылды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Апсамат Саттаров сөз сүйлөп, сыйлык алган кызматкерлерди куттуктады. 



 

Фото галерея